Өткөн апта аягында Тель-Авивде миңдеген адамдар мөөнөтсүз шайлоо өткөзүү жана барымтадагыларды тезинен бошотуп келүү талабы менен нааразычылык акциясына чыгышты.
Митингге чыккандардын бир бөлүгү барымтадагыларды бошотуу үчүн ХАМАС кыймылы менен сүйлөшүүлөргө баруу керектигин талап кылышууда. Нааразычылык митинги “Ликуд” партиясынын штаб-квартирасынын жана “Гистадрут” профсоюзунун офисинин жанындагы полиция кызматкерлери менен кагылышууга чейин жеткени маалым болду. Эске салсак, мындай маанайдагы митингдер Израилде 2023-жылдын октябрынан бери эле болуп келе жатат. Алардын ири масштабдагысы ар ишемби сайын Тель-Авивде кайталанып турат.