Кыргызстан менен Кытай өлкөсүнүн кызматташтыгын чыңдаган кадам
Кытайда «Кыргызнефтегаз» Ачык акционердик коому менен «Инженеринг Дриллинг Компани СИБУ» компаниясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.
«Кыргызнефтегаз» ААК башкармалыгынын төрагасы Н.Н. Нишанов иш сапары менен Кытайдын Үрүмчү шаарында болду. Сапардын жүрүшүндө мунай-газ тармагында кызматташуу боюнча макулдашууга жетишилди. «Кыргызнефтегаз» менен «Инженеринг Дриллинг Компани СИБУ» компаниясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандум түзүлдү, ага ылайык тараптар Кыргыз Республикасынын мунай жана газ кендерин чалгындоо жана иштетүү боюнча биргелешип иш алып барышат.
Ошондой эле тараптар биргелешип капиталдык оңдоолорду жүргүзүү, пласттарды гидрожардыруу (ГРП), скважиналарды кислота менен тазалоо ж.б. ыкмалар менен эски скважиналардан мунай өндүрүүнү интенсивдештирүүнү максат кылууда. Мындан тышкары тереңдиги 4000 метрден ашкан скважиналарды бургулоо пландаштырылды.
Бул маанилүү документ өндүрүш тармагын өнүктүрүү жана Кыргызстан менен Кытай өлкөсүнүн өз ара мамилелерин жана кызматташтыгын чыңдоодогу маанилүү кадам болуп эсептелет.
«Нефтчи» стадионун реконструкциялоо
«Нефтчи» футбол клубунун генералдык демөөрчүсү «Кыргызнефтегаз» ААКсы Кыргыз футбол биримдиги менен биргеликте «Нефтчи» спорт комплексинин стадионунда футбол аянтчасынын газонун алмаштыруу жана автоматтык сугаруунун заманбап системасын орнотуу боюнча иштерин баштады.
Ошондой эле, Кыргыз футбол биримдигинин колдоосу менен стадион жаңы жарык берүүчү мачталары менен жабдылып, оюндарды кечки убакта өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.
План боюнча реконструкция толугу менен ушул жылдын сентябрь айында аяктайт.
«Кыргызнефтегаз» ишканасынан балдарга камкордук
Базар-Коргондо «Кыргызнефтегаз» ААКнун «Зорька» эс алуу жайына 150 орундуу 6 коттедж курулуп, пайдаланууга берилди.
Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айыл аймагында жайгашкан “Кыргызнефтегаз” ААКнун “Зорька” эс алуу жайына 150 орундуу 6 жаңы коттедж пайдаланууга берилди.
Эске салсак, өткөн жылы дагы 10 жаңы коттедж курулган болчу. Учурда жалпысынан 16 коттедж курулуп, бир агымда 450 бала эс алууда. Андагы жайдын абалы менен КРнын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, «Кыргызнефтегаз» ААКнун башкармалыгынын төрагасы Нургазы Нишанов жана аталган мекеменин директорлор кеңешинин төрагасы Тынарбек Мисиралиев таанышып чыгышты.
Биринчи агымда эс алып жаткан балдардын майрамдык салтанатында «Кыргызнефтегаз» ААКнун жетекчиси Нургазы Нишанов балдар үчүн ар дайым камкордук болоорун белгилеп, келечегибиздин кепилдиги болгон балдарыбыздын ар бир күнү майрамдагыдай кубаныч менен өтүшүн каалап өттү.
Облус башчысы өлкөдөгү ири өндүрүштүк мекеме болгон “Кыргызнефтегаз” ишканасы өзүнүн экономикалык киреше бөлүгүн арттыруу менен гана чектелбестен, аймактагы социалдык турмушта да өзүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп келе жатканын белгиледи.
“Зорька” эс алуу жайы негизинен «Кыргызнефтегаз» ишканасында эмгектенген кызматкерлердин балдарынын жайкы эс алуусун уюштурууга багытталган. Бул жылы анда жалпы беш агымды кабыл алуу пландаштырылып жатат.
Ишкананын материалдык-техникалык базасы
Өндүрүштүк мекеме 384 602 138 сомго ZJ-40 аталышындагы кубаттуу стационардык бургулоочу агрегатты Кытай Эл Республикасынан сатып алган.
Мунай өндүрүүдө аталган техниканын орду чоң, андыктан мындай техникага ээ болуу компания үчүн жетишкендик. Учурда ишканада 7 бригадалык топ бургулоо иштерин жүргүзүүдө. КНГнын балансындагы бургулоочу техникалардын тизмеси: ZJ-15 – 1 даана, ZJ-40 – 2 даана, Барс-140 – 1 даана, Бу-75Бр Э – 1 даана, Уралмаш 4Э – 2 даана.
Ал эми 2023-жылы мекемеге Россиянын “Автократ” ишканасы «Барс-140» аталышындагы жүк көтөрүмдүүлүгү 140 тоннага барабар болгон мунай скважиналарын бургулоочу агрегатын жасап берип, ишке киргизген. Акыркы 3 жылда “Кыргызнефтегаз” ишканасы материалдык техникалык базасын жакшыртууга өзгөчө көңүл буруп келет. Тактап айтканда, бул мезгилдин аралыгында 90 даана жаңы атайын техника сатылып алынган. Азыркы мезгилде Технологиялык транспорт башкармалыгында 332 даана техника бар.
Бүгүнкү күндө «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коому мунай жана газ өндүрүү боюнча өлкөбүздөгү эң ири ишкана болуп саналат. Акыркы 3 жыл аралыгындагы ишкананын негизги техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрүнө токтолсок:
Мунай өндүрүү – 2023-жылы 184 миң тонна, 2022-жылы 178 миң тонна, 2021-жылы 173 миң тонна өндүрүүгө жетишкен.
Газ өндүрүү – 2023-жылы 27 млн. м3, 2022-жылы 29 млн м3, 2021-жылы 22 млн м3 аткарылды. 2023-жылдын жыйынтыгында таза киреше 2 906,4 млн.сомго аткарылды.
Ал эми 2023-жыл аралыгында бюджетке: салык төлөмү 1 млрд. 477 млн. сом, социалдык камсыздандырууга 469 млн. сом, ошондой эле мамлекеттик үлүшкө болгон дивиденддин төлөмү 857 млн. сомду түздү. Жалпысынан мамлекетке болгон төлөмдөр 2 млрд. 803 млн. сомго аткарылган.
«Кыргызнефтегаз» акционердик коомунун балансында иштетилип жаткан 14 мунай жана газ кени бар. Анын ичинен 3өө лицензиялык аймакта изилдөө жана чалгындоо багытында.
Вера Беделбек, “Кыргыз Туусу”