Чет элдик маалымат каражаттарында
2024-07-05 15:52:30 /Russian.News.Cn/ Синьхуа агенттиги/
БЭЭЖИН, 4-июль (Синьхуа) — «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоору Кыргызстандын деңизге чыгуусуна жол ачат. Биз “Бир алкак, бир жолдун” алкагында дагы ушундай долбоорлор көп болот деп ишенебиз», — деди «Кыргыз Туусу» басма үйүнүн директору-башкы редактору Мырзакат Тыналиев Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин ЖМК өкүлдөрү үчүн Кытайга болгон медиа-тур учурунда Синьхуа агенттигинин кабарчысы менен болгон маегинде.
2024-жылдын 6-июнунда Пекинде Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоору боюнча үч тараптуу өкмөттөр аралык келишимге кол коюу аземи болуп өттү, бул долбоор боюнча маанилүү орток натыйжага жетишилгендигин айгинелейт.
Бул темир жол Кытайдын түндүк-батышындагы Шинжаң-Уйгур автоном районунун Кашкар уездинен башталып, Өзбекстан, Кыргызстан аркылуу өтөт. Келечекте ал Батыш жана Түштүк Азия боюнча улантылат жана Азия континентинин негизги транспорттук артериясына айлана алат.
Мырзакат Тыналиев Кыргызстан «Бир алкак, бир жол» демилгесин ишке ашыруунун алгачкы колдоочуларынын жана катышуучуларынын бири экенин, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу долбоору бул демилгени ишке ашырууга чоң салым кошуп, Кыргызстандын элине чоң пайда алып келерин айтты.
«Бул долбоор биздин гезиттин окурмандарын абдан кызыктырат. Темир жол ишке киргенден кийин биз деңизге чыгууга мүмкүнчүлүк алабыз, транзиттик төлөмдөрдөн туруктуу киреше булагына ээ болобуз жана тоо балы сыяктуу биздин өзгөчө продукцияларыбызды чоң рынокко чыгара алабыз”,-деди ал.
Кыргызстан Кытайга коңшу мамлекет жана байыркы Жибек Жолунун боюнда жайгашкан. 30 жылдан ашык убакыттан бери медиа тармагында эмгектенип келе жаткан Мырзакат Тыналиев акыркы мезгилде эки өлкөнүн ортосундагы гуманитардык алакаларда жаңы позитивдүү тенденция байкалып жатканын белгиледи.
«Мен Кытайга саякаттоого кызыккан кыргызстандыктардын саны көбөйүп, ал эми Кыргызстандын кооз жаратылышы барган сайын кытайлык туристтердин да кызыгуусун арттырып жатканын байкадым. Туризмдин өнүгүшү жергиликтүү тургундарга жаңы жумуш орундарын түзүп берди», — дейт Мырзакат Тыналиев.
Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн медиа өкүлдөрү Шанхайга болгон иш сапарынын алкагында тамак-ашка буйрутма берүү жана жеткирүү боюнча ири компаниянын чоң маалыматтарды иштеп чыгуу платформаларына, жаңы энергетикалык унаа өндүрүүчүнүн илимий-технологиялык инновацияларына, ошондой эле Яншан портундагы автоматташтырылган контейнер терминалына барышты.
Мырзакат Тыналиев Кытай өзүнүн реалдуулуктарына жооп берген экономикалык өнүгүү жолун таап, өнүгүүдө чоң прогресстерге жетишти деп эсептейт.
«Кытайдын өнүгүү боюнча тажрыйбасы изилдөөгө арзыйт. Көптөгөн кыргызстандык жаштар Кытайда билим алышат. Кичүү уулум мектепте кытай тилин үйрөнүп жатат», — деди ал.
2024-жылдын июль айында Астанада ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин 24-саммити болуп өттү. Беларус расмий түрдө ШКУга кошулуп, анын 10-мүчөсү болду. ШКУ калкынын саны жана географиялык камтуусу боюнча дүйнөдөгү эң ири аймактык уюмга айланды.
Мырзакат Тыналиев ШКУнун өнүгүүсү бир кыйла өкүлчүлүктүү, демократиялуу, адилеттүү жана көп полярдуу дүйнөлүк тартиптин калыптанышын билдирет деп эсептейт.
«ШКУнун мүчөлөрүнүн кызматташуусунун жыйынтыктары анын келечеги кең экенин жана анын таасири мындан ары да күчөй берерин далилдейт», — деди ал.
ЖМКнын ШКУнун өнүгүүсүнө салым кошуудагы ролуна токтолуп, Мырзакат Тыналиев карапайым адамдардын ортосундагы окуяларды айтып берүүдө жана түрдүү тармактарда кызматташуу потенциалын көрсөтүүдө ЖМКлардын иши абдан маанилүү экенин айтты.
«Адамдар бири-бирин канчалык көп билсе, алар бири-бирине ошончолук жакын болот. Маалымат каражаттарынын иши өлкөлөр ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоого жардам берет. Биз ШКУнун алкагында дагы гуманитардык алмашуу иш-чаралары уюштурулат деген үмүттөбүз», — деди ал.
ШКУ өлкөлөрүнүн ЖМК өкүлдөрү үчүн Кытайга медиа-турдун уюштуруучусу — ШКУнун Жакшы коңшулук, достук жана кызматташтык боюнча Кытай комитети болуп саналат. 20дан ашык ЖМК өкүлдөрү 1-июлдан 9-июлга чейин Шанхай, Пекин жана Циндао шаарларында болушат.
/Синьхуанын кабарчысы Лю Шучен/