Быйыл аба ырайы туруксуз болуп, бирде ысып, бирде катуу нөшөрлөгөн жамгыр болгондуктан апрель айынан тарта Кыргызстанда бир нече сел, суу каптоолор болду. “Кырсык каш-кабактын ортосунда” дегендей тилсиз жоо далай турак үйлөрдү, объектилерди талкалап, жыйырмага жакын адам өмүрүн алып кетти. Эң өкүнүчтүүсү, каза болгондордун жарымы он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек тестиер балдар, өспүрүмдөр. Албетте, жаратылыш кырсыктарынын астында адам баласы алсыз. Күтүүсүз жерден өрт чыгып, жер көчүп, сел жүрүп, таштар кулап кетип жатканын да көрүп жатабыз. Бирок, кыргызда “Сактанганды Кудай сактайт” деген дагы кеп бар. Дегеним, айрым учурларда өзүбүздүн кенебестигибизден, кайдыгерлигибизден, сактанбаганыбыздан түрдүү кырсыктарга кириптер болуп жатканыбызды да моюнга алышыбыз керек.
Өзүм билемдик кылбай ӨКМди да ук
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча быйыл 20-апрелден тарта 1-июлга чейин селдин кесепетинен 17 адам каза болгон жана анын 8и балдар. Ушул мезгил аралыгында өлкө боюнча 250 сел катталып, анын 61и Жалал-Абад, 71и Ош облустарында, Ош шаарында – 6, Баткен облусунда – 66, Таласта – 13, Нарында – 5 сел жүрүп, жалпы мамлекеттик чыгым 172 млн. 956 миң сомду түзгөн. ӨКМ өкүлү Кубаныч Темирбек уулунун билдиришинче, Ноокат районунун Абшыр-Ата капчыгайындагы селде 28 үй зыянга учурап, анын үчөөсү авариялык абалга келген. Ошондой эле сел 2 социалдык объектини, 15 километр автожолун бузуп, 29 баш майда жана бодо малды агызып кеткен. Бул апаатта Ноокат районунун Борбаш айылынын тургуну Данияр Мырзалиевдин 48 жаштагы жубайы, 19,16,11 жаштагы уулдары, бир небереси жана анын эжесинин 15 жаштагы кызы, дагы бир өспүрүм кыз жана Казакстанда жашаган тууганынын 4 баласы каза болгон. Бул оор жоготуу. Өкүнүчтүүсү бир жеңил автоунаада жалпы 10 адам болсо анын жетөө балдар болгон. Демек мерт болгондор жеке коопсуздукка анчейин маани беришкен эмес. (“Кырсыкты кайдан” демекчи, жайкысын тоого, жайлоого эс алууга чыккан авто-унааларга адамдар, балдар шыкалып барышканын көрүп жүрөбүз). Экинчи каргашалуу окуя 30-июнда Кара-Кулжа районунда катталып жатат. Бул күнү 36 жаштагы адам, анын жубайы жана 4,12, 18 жаштагы балдары отурган автоунааны сел алып кетип, 18 жаштагы кыз гана аман калган.
Өкүнүчтүүсү, ӨКМдин “2024-жылдын 28-июндун экинчи жарымында жана 29-июлдан 2-июлга чейин туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн” деген шашылыш билдирүүсүнө карабай Абшыр-Ата капчыгайына, Кызарт жайлоосуна миңден ашуун адам эс алууга чыккан. Сел, нөшөрлүү жамгыр тууралуу шашылыш билдирүүлөр 23-июндан тарта ӨКМдин социалдык баракчаларына жарыяланып, мамлекеттик кызматтарга, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнө, Ош, Бишкек мэрияларына да жолдонуптур. Демек карапайым эл социалдык тармактардагы негативдүү маалыматтарды калтырбай көрүшкөнү менен министрликтин шашылыш билдирүүсүнө көңүл кош мамиле кылган. Андыктан, тоо-ташка барарда ар бир адам метеорологиялык маалыматтарга, шашылыш билдирүүлөргө, аба ырайына маани берип, эң биринчи жеке коопсуздук жагдайларын эске алышса дейт элек.
Эс алуу деп эдиреңдей бербейли
ӨКМдин билдиришинче, Ноо-каттагы селдин жүрүшүнө нөшөрлүү жамгыр менен бирге эле Абшыр-Ата суусунун жээгине иретсиз тигилген бак-дарактар, эс алуучу жайлар жана көпүрөнүн жапыздыгы себепкер болгон. Жергиликтүү тургундардын айтымында, Абшыр-Ата суусундагы көпүрөнү “Кызыл-Кыя” көмүр ишканасы курган жана ал курулуп жатканда эле жергиликтүү тургундар көпүрөнүн өтө жапыз болуп калганын, чоң суу келсе көпүрө аны бууп каларын билдиришкен. Бирок, куруучулар кулак сыртынан кетиришкен. Көрүнүп тургандай, бул жерде убактылуу кирешени көздөп эс алуучу жайларды кура берген адамдарда дагы, убагында сайды тазалабаган тиешелүү мамлекеттик кызмат, мекемелерде жана көпүрөнү эптеп кура салган ишканада да күнөө бар.
Министрликтин маалыматына таянсак, №37 автожолдорду тейлөө мекемесине Кулатов-Абшыр-Сай жолун тазалоо, көпүрөлөрдү оңдоо, бышыктоо жана көмүр ишканасы курган көпүрөнүн ордуна жаңы көпүрө куруу тапшырмасы берилиптир. Албетте, материалдык чыгымдар акыры калыбына келтирилер. Бирок, кырсыктан мерт кеткен адамдардын, балдардын ордун толтуруу эч мүмкүн эмес. Муну түшүнүп турсак да бүгүнкү күндө кооптуу жайларга эс алууга чыккандардын агымы азайган жок. Ал ортодо социалдык тармактарда селдин кесепетинен үйлөрдүн кыйрашына, адамдардын каза болушуна мамлекетти айыптап жаткандар да жок эмес. Ооба, кандайдыр бир деңгээлде айрым мамлекеттик кызматтар, тиешелүү органдардын да жоопкерчилиги бар. Балким, айыл өкмөттөрү, райондук администрациялар, Президенттин облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү өз убагында эскертүү, түшүндүрүү иштерин жүргүзбөй калышы да мүмкүн. Каналдар, сайлар мезгилдүү тазаланбай калган учурлар, фактылар да жок эмес. Ошентсе да акыл-эстүү, өзүнүн, үй-бүлөсүнүн келечегин ойлогон адамдар эс алуу деп эле тоолорго, аска-зоолорго, кооптуу көл, дарыя, капчыгайларга жакындарын алып бара бербеши керек. Азыр интернет, маалыматтык технология өнүккөндүктөн ар бир адам кайсыл жерде, кандай учурда эс алууга болорун анализдеп, тактап алса болот. Эң башкысы, бара турган транспорт ишенимдүү болуп, айдоочу да жоопкерчиликтүү болушу керек.
Жоопкерчилик демекчи, айрым учурда эс алууга барган айдоочулар ичимдик ичип алышып оор кырсыктарга учурашууда. Алсак, 20-июнда 40 жаштагы Кара-Балта шаарынын тургуну жубайы, төрт баласы жана кайын эжеси, анын төрт баласы менен түшүүгө тыюу салынган көлмөгө барып эс алышкан. Эс алуудан кайтканда ичимдик ичкен айдоочу рулду башкара албай калып Volkswagen Jetta унаа-сы сууга түшүп кеткен. Натыйжада 4 жаштан 6 жашка чейинки 6 бала каза болуп отурат. Бул жерде айдоочудан башка эч кимди күнөөлөй албайбыз. Тилекке каршы, мындай фактылар бизде аз эмес.
Эскертүүлөргө эл маани бербептир
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргоо башкармалыгынын башчысынын орун басары Мырзабек Токтосуновдун айтымында, ӨКМге караштуу Гидрометеорология кызматынан 2024-жылы 28-июнунда күндүн экинчи жарымында жана 29-июнунан 2-июлуна чейин туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан локалдуу нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээлинин көтөрүлүшү боюнча шашылыш билдирүү берилген. “Бул маалыматты өз убагында жеткирүү максатында жалпы 267 абонентке (ӨКМдин жетекчилигине, түзүмдүк, аймактык жана ведомствого караштуу бөлүктөрдүн башчыларына, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине, райондордун акимдерине) үн кабарлоо каражаттары аркылуу маалымат жеткирилген. Мындан сырткары министрлик тарабынан телефонограмма чыгарылып, ЖМКлар аркылуу (фейсбук баракчасы), ошондой эле уюлдук операторлор аркылуу (Мегаком, Билайн, О!) жарандарга СМС билдирүү жиберилип, LED экрандар аркылуу маалымат калкка жеткирилген”, –дейт ал.
Чынында М.Токтосунов айткандай, ӨКМдин фейсбук баракчасында мындай маалыматтар, шашылыш билдирүүлөр 25-июнда, 28-июнда да жарыяланыптыр. Мындан улам учурда кыргызстандыктар негативдүү маалыматтарга, ушак-айыңдарга, ар кандай пайдасыз видеоматериалдарга гана маани берип, олуттуу маалыматтардан кыйгап өтөрүн, сактануу, алдын алуу эрежелерине маани беришпей тургандыгын түшүнсөк болот.
Сактанганды Кудай сактайт
Албетте, жайкы аптапта тоо койнунда, суу жээгинде баарыбыздын эле эс алгыбыз келет. Мындай эс алуу өспүрүмдөргө, балдарга, ден соолукка жагымдуу экени да талашсыз. Бирок, жогоруда айтканыбыздай суу жээгинде, тоо арасында эс алууда ошол жактын климатын, рельефин, кооптуу жагдайларын алдын ала изил-деп алган оң. Тилекке каршы, кыргызстандыктар буга көп маани бербейбиз. Куудулдарыбыз айткандай, так ошол эс алууга, сууга түшүүгө болбой турган аймактарга барып, суунун, тоо-таштын түбүнө казан аса калып ырдап-чордоп киребиз. Ал аз келгенсип көпчүлүк эс алууларда сөзсүз ичимдик ичилет. Андай жерде адамдар өзүнүн коопсуздугу тургай, бала-чакасын да эстен чыгарып коюшарын көрүп эле жүрөбүз. Ушул жылдын 18-майында Түп райо-нунун Михайловка айылына жакын дачада 6-7 жаштардагы эки кыз Жыргалаң суусуна агып кетип, 25-28-майда денелери табылган. Ооба, бул дагы күтүлбөгөн кырсык, сыноо. Бирок, жакшылап иликтей келсек кайдыгерликтен, шалаакылыктан улам жайлоолордо, суу жээктеринде, кооптуу аймактарда эс алуудан улам каза болгон адамдардын саны арбын. Анын көбү “Эл укса эмне дейт” деген менен сыртка чыгарылбай калып жатат.
Кыскасы, эс алуу сезону эми дагы кызыйт. Андыктан бул макалада айтылгандарды эске алып, кыргызстандыктар жайкы эс алууда акыл-эстүүлүк менен иш кылсак. Себеби бир адамды издөө үчүн эле ӨКМдин, тиешелүү кызматтардын канчалаган техникалары, кызматкерлери тартылып, күнү-түнү убаракерчилик тартып жатышат. Анын баары мамлекет үчүн кызылдай эле чыгым. Муну түшүнүп-түшүнбөй эле куткаруучуларды ашата сөгө бергендер жок эмес. Чындап келсе куткаруучулар, дарыгерлер ар бир адамды ар күнү кайтарып отура албайт. Кырсык, кокустук, адам жоготуу болбос үчүн ириде ар бир адам өзүнүн жана жакындарынын коопсуздугуна жоопкерчиликтүү болушу керек.
Мелис Совет уулу, “Кыргыз Туусу”