Суббота, 4 января, 2025
-3.9 C
Бишкек

Селден улам Баткен районуна өзгөчө кырдаал режими жарыяланды

Баткен районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Кечээ Ак-Татыр айылында сел жүрүп, турак үйлөрдү, жолдорду каптап 100дөн ашык киши эвакуация болгон.

Азыр айылдын Аэропорт жана Өрүкзар тилкесинде ӨКМдин 121 куткаруучусу, 14 техникасы иштеп жатат.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар