Четверг, 2 января, 2025
-0.9 C
Бишкек

Акылбек Жапаров Катардын элчисин кабыл алды

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Катардын Кыргызстандагы элчиси Али Жабир Мухаммад Аль-Гуфран Аль-Маррини кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Акылбек Жапаров өткөн жылы Катардын эмири шейх Тамим бин Хамад Аль-Танинин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары кыргыз-катар мамилелеринде тарыхый саясий мааниси бар экенин белгиледи. Сапардын алкагында ондон ашуун документке кол коюлган, буга байланыштуу жетишилген бардык макулдашууларды ырааттуу ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилеп, ошондой эле кайра иштетүү өнөр жай тармагында жана мамлекеттик социалдык долбоорлорду биргелешеип ишке ашырууну сунуштады.

Ал эми Катардын элчиси катар тараптын Кыргызстан менен эки тараптуу кызматташуусун мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө дайым умтуларын ырастады.

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар