Нарын шаарына коомдук транспортту өнүктүрүү максатында насыяга сатып алынган электробустар келди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Электробустарды кабыл алуу боюнча атайын комиссия сыноолорду жүргүзүп, муниципалитетке өткөрүп беришкен.
Алдыда тийиштүү уруксат кагаздарын алуу аракеттери жүрүп жатат. Ошондой эле шаарда коомдук транспорттун тартыштыгын жокко чыгаруу максатында Бишкек шаарынан троллейбустарды жана анын зым чубалгыларын, зым тиректерин алып келүү боюнча иштер алынып барылууда.