whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
30.04.2025
21.5 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүМинКаб башчысы Чүй облусуна жумуш сапары менен барды

МинКаб башчысы Чүй облусуна жумуш сапары менен барды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусуна жумуш сапары менен барды.

Алгач МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаровго суусундуктарды чыгаруучу заводдун, азык-түлүктөрдү дүңүнөн саткан соода компаниясынын, жумуртка, айнек, бөтөлкө капкактарын, мал тоютун, бут кийим, курулуш материалдарын чыгаруучу ишканалардын жана финансылык кызмат көрсөткөн компания сыяктуу 12 ишкананын ишмердүүлүгү тууралуу тааныштырылды.

Анда Акылбек Жапаров өзгөчө жарандарга жумуш орундарын түзүп, салык жана бажы төлөмдөрүн жүргүзүп жаткан ишкана жетекчилерине калктын аярлуу катмарына көрсөтүүчү мамлекеттик программалар менен биргеликте иштешүүгө чакырды.

Ошондой эле Москва районунда жайгашкан “Ак-суу асыл тукум чарбасы” жоопкерчилиги чектелген коомунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Тоок багып жумуртка өндүрүүгө багытталган ишканада 140га жакын адам жумуш оруну менен камсыз болгон. Өндүрүш кубаттуулугу бир суткада 150 миң даана жумуртка, жыл аягында 300 миң даана жумурткага чейин өндүрүү пландалууда.

Белгилейт кетсек, статистикалык маалыматтар боюнча 2024-жылдын 1-июлуна карата Кыргызстандагы өздүк өндүрүштүн эсебинен тоок жумуртка менен камсыздалышы 71,4%ды түздү, бул 2023-жылга салыштырмалуу 6,2%га жогору.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар