whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
11.07.2025
17.5 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомСентябрга чейин мүлк салыктарын төлөгөндү унутпаңыз

Сентябрга чейин мүлк салыктарын төлөгөндү унутпаңыз

Кыргызстандыктарга 1-сентябрга чейин бир катар мүлк салыктарын төлөшү керектигин Мамлекеттик салык кызматы эскертти.

Алар төмөнкүлөр:

  • транспорт каражатына салык;
  • турак үй, батирге салык (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган);
  • үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарба жер участокторуна салык.

Салыкты өз убагында төлөбөгөн жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом айып пул салынат. Ошондой эле ар бир кечиктирилген күн үчүн карыздын суммасына 0,09 пайыз өлчөмүндө туум кошулат.

Салыкты мобилдик жана интернет-банкинг, төлөм терминалдары, ошондой эле банктардын кассаларынан жана почта бөлүмдөрү аркылуу онлайн режиминде төлөсө болот.

Транспорт салыгы үчүн мүлк катталган район же шаар, ээсинин ИННи, транспорттун мамлекеттик номери жана салыктын суммасы, турак жай жана үй жанындагы жер участоктун салыгы үчүн – мүлк жайгашкан район, шаар же аймак, ээсинин ИННи жана салыктын суммасы көрсөтүлөт. Калган мүлк салыктары боюнча толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, 116 номеринен же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар