Быйыл Казакстанда өтө турган Көчмөндөр оюнуна 268 кыргызстандык спортчу барат.
Алардын баары спорттун 29 түрүнө катышат. Делегациянын кийимине, тамак-аш, жол кире жана мейманканасына мамлекет тарабынан акча бөлүнөрү айтылды.
Спорт департаментинин директорунун орун басары Самат Токтоналиев спортчулар үчүн форманын эскизи иштелип чыкканын билдирди.
“Аны ата мекендик Bigser компаниясы тигет. Азырынча калган маалыматты айтпай турайын, даяр болсо расмий жарыяланат”, — деди Токтоналиев.