whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
11.07.2025
23.1 C
Бишкек
Башкы беткеСпорт жана туризмСпортКыргыз спортчулары соңку жарым жылда 268 медаль жеңген

Кыргыз спортчулары соңку жарым жылда 268 медаль жеңген

Соңку 6 ай ичинде кыргыз спортчулары жалпы 268 медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинин директорунун орун басары Самат Токтоналиев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, кыргыз спортчулары дүйнө жана Азия чемпионаттарында, ошондой эле эл аралык мелдештерде акыркы 6 айда жалпы 268 медаль жеңип келсе, анын ичинен 78и алтын, 71и күмүш жана 119у коло медаль болгон.

“Спорт тармагында чоң жетишкендиктер болуп жатат. Учурда Олимпиада оюндарына катышып жаткан бокс боюнча курама команданын мүчөсү Мунарбек Сейитбек уулу ийгиликтерди жаратууда. Бүгүн балбандар Жоламан Шаршенбеков менен Мээрим Жуманазарова беттештерин баштайт. Бардыгыңыздарды биздин спортчуларды колдоп турууга чакырып кетмекчимин”, — деди Самат Токтоналиев.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар