Президент Садыр Жапаров Мунарбек Сейитбек уулун Париж Олимпиадасында күмүш медаль утушу менен куттуктады.
Президент улуттук курама команданын мүчөсүнө, анын машыктыруучуларына жана секунданттарына талыкпаган эмгеги үчүн терең ыраазычылык билдирди.
“Сен бүткүл кыргыз элинин сөөгүн агартып, намысына жарадың, иним! Тарых жараткан жеңишиң менен дагы бир жолу куттуктайм! Азаматсың!” – деди Жапаров.