whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
09.11.2025
1.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларБилим берүүА.Жапаров министрликтин коллегиялык жыйналышына катышты

А.Жапаров министрликтин коллегиялык жыйналышына катышты

Бүгүн, 7-мартта Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда Билим берүү жана илим министрлигинин 2023-жылда аткарылган иштеринин жыйынтыгы жана 2024-жылга карата пландары боюнча жыйынтыктоочу коллегиялык жыйналышы өттү.

Акылбек Жапаров “мектеп – таланттуу мугалим менен таланттуу окуучунун жолуккан жери” экендигин белгилеп, мектептердин жана мамлекеттин милдети — ар бир окуучуга жеке мамилени табуу менен бардык зарыл болгон ресурстарды берүү экендигин айтты.

Ошондой эле Акылбек Жапаров мектептердин имараттарын натыйжалуу пайдалануу максатында учурда бир нөөмөттө иштеген мектептерге бала бакчаларды ачууну, таланттуу мугалимдерди иштетүүгө бардык шарттарды түзүүнү, кесиптик лицейлердин мугалимдеринин билим деңгээлин жогорулатууну, университеттерде ишке ашырылып жаткан мыкты стартап идеяларды алып чыгууну, Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында коюлган максаттарга жетүү үчүн жогорку окуу жайларды трансформациялоо зарылдыгын белгилеп, бир катар тапшырмаларды берди.

Гезит

Диана Талгарбек кызы: “Бүгүнкү кыргыз жаштары аракетчил, жаңы идеяларга бай, тил үйрөнүүгө шыктуу жана күчтүү”

Өткөн жумада Президент Садыр Жапаров өлкө ЖОЖдорунун 92 мыкты студентине президенттик стипендия тапшырды. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде, инженердик техникалык факультетинин агроинженериядагы экономика...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар