18-август күнү Ысык-Көл районунун аймагында катталган селдин кесепеттерин жоюу жана башка кечиктирилгис иш-чараларды өз убагында аткаруу максатында, аймакка «Өзгөчө кырдаал» режими киргизилген.
Ылай суу 100дөн ашык үйдүн короосун, пансионаттарды каптаган. Жеринде ӨКМдин кызматкерлери, атайын техника иштеп жатат. Буга чейин өзгөчө кырдаал режими Тоң жана Жети-Өгүз райондорунда жарыяланган.