whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
19.05.2025
14.7 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыКүйөөсүн өлтүрүү үчүн киллер жалдаган

Күйөөсүн өлтүрүү үчүн киллер жалдаган

Март айынын башында Казакстандын полициясы күйөөсүн өлтүрүү  үчүн киллер жалдаган деген айып менен Элвира Еркебаева аттуу аялды кармаган. Учурда бул окуя боюнча туугандары өз ойлорун билдирип чыгышты. Бул тууралуу Ulysmedia.kz. сайты жазды.

Айыпталуучунун эжеси Райхан Давлетьярова сиңдисине коюулуп жаткан айыптарды четке какты.

“Өткөн жумада полиция кызматкерлери жалпыга маалымдоо каражаттарына Элвира мүлктөрүн бөлүшкүсү келбей күйөөсүн өлтүрүүгө буйрутма берген деп чыгышты. Анын баары калп. Ербол Еркебаев экөөнүн ортосунда эки баласы бар. 2013-жылы ажырашып кетишкен. Ербол биринчи группадагы майып. Анын эч кандай бизнеси жок. Ал эми эки батири, спорт комплекси документ боюнча Элвирага таандык. Андыктан мурдагы күйөөсү менен талаша турган эч нерсеси жок. Ерболдун уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышы бар болчу. 2019-жылы аны атып кетишкен. Ошондо эки бутунан ажыраган, аны Элвира карачу. Алардын үйүндө эмне болуп жатканын билген эмеспиз. Мындан 2,5 жыл мурда гана Ербол кордук көргөзүп жүргөнүн билдик. Биз укук коргоо органдарына кайрылсак, алар “майып адам экен, эч нерсе кыла албайбыз” деп коюшкан”,-дейт Райхан Давлетьярова.

Учурда Ербол Еркебаев батиринен чыгып кеткен. Ал азыр баласы менен шарты жок спорт комплексинде жашайт. Туугандары баланы алуу үчүн райондук балдарды коргоо бөлүмдөрүнө кайрылышкан.

Ал эми укук коргоочу  Дина Тансари  петицияга кол коюуга чакырууда.

Элвираны 30 миң калкы бар шаарда жергиликтүү “киллерди” жалдады деп күнөөлөө  чындыкка дал келбейт. Эгерде жолдошу менен мүлк талашы болсо сот аркылуу чечмек. Азыр эми аны 20 жылга чейин камап салышы ыктымал. Андыктан  коомчулуктан президентти тергөөнү өз көзөмөлүнө алуусун суранып петицияга кол коюп берүүңүздөрдү өтүнөбүз”-деди.

Эскерте кетсек, полициянын маалыматына ылайык, күйөөсү аялы менен мүлктү  бөлүшкүсү келген эмес, ошондуктан аялы  киллерге курал сатып алуу жана адам өлтүрүү  үчүн 1,3 миллион теңге төлөгөн. Учурда шектүүлөр кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Алар 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экени айтылган.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар