Кыргызстанда жыл башынан бери өлкө боюнча 1 173 жол кырсыгы катталган: андан 1 673 адам жабыркап, 82 киши каза болгон. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан билдиришти.
Мында жабыркагандар боюнча көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,5%, ал эми каза болгондор боюнча 24,1% азайган.