whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
24.03.2025
14.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларКылмыш жана кырсыкМосквада мекендештерине кол салган каракчылар кармалды

Москвада мекендештерине кол салган каракчылар кармалды

Москвада мекендештерине каракчылык менен кол салган кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, жакында Москвада 26 жана 24 жаштагы эки кыргызстандык кыз каракталган. Белгисиз адамдар түнү ката алар жашаган үйгө кирип, бычак менен коркутуп кымбат телефондорун, акчаларын жана зер буюмдарын алып кеткен.

Аталган факт боюнча Россиянын полициясы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 162-беренесинин 3-бөлүгүнө (каракчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында бул ишке шектүү катары 21 жаштагы Р.Р., 28 жаштагы К.Н. жана Ж.Б. аттуу Кыргызстандын жарандары кармалган.

ИИМдин маалыматы боюнча, кармалган үч жаран тең Россияга иштегени барышкан.

Учурда козголгон кылмыш иши боюнча ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүп, шектүүлөрдүн башка кылмыштарга катыштыгы бар же жоктугу текшерилүүдө.

Бул кылмыштын бетин ачууда Кыргызстандын ИИМинин Россиядагы өкүлчүлүгү, КМШнын Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүнү координациялоо бюросундагы өкүлү Россиянын полиция кызматкерлери менен бирге иш алып барган.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар