Күн мурун экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиевдин Түркмөнстандын Кыргызстандагы элчиси Нура Голли менен жолугушуусу өттү.
Ведомстводон маалымдашкандай, Данияр Амангелдиев Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке киргизүү менен Кытайдан Кыргызстан жана Өзбекстан аркылуу жана андан ары Түркмөнстанга Каспийге чыгуу менен транспорттук коридорду ишке киргизүү жаатында ийгиликтүү кызматташуунун маанилүүлүгүн, бул аймактын транзиттик жана транспорттук-логистикалык потенциалын бир кыйла жогорулатууга мүмкүндүк берерин белгиледи.
Өз кезегинде элчи Нура Голлиев энергетика жана айыл чарба тармагындагы ийгиликтүү кызматташтыкты, өз ара соода көлөмүнүн өсүшүнүн оң динамикасын белгилеп, Ашхабад шаарында өткөрүлө турган инвестициялык форум тууралуу маалымат берди.
Тараптар 2024-жылдын 24-25-июлунда Чолпон-Ата шаарында өткөн соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-түркмөн өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынынын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды аткаруунун маанилүүлүгүн белгилешти.
Соңунда тараптар эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн мындан ары ырааттуу өнүгүүсүнө ишеним билдиришти.