whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
30.04.2025
25.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүПрезидент "Кыргызалтындын" алтын куймаларын чыгаруучу цехин ишке киргизди

Президент «Кыргызалтындын» алтын куймаларын чыгаруучу цехин ишке киргизди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-августта «Кыргызалтын» ААКтын өлчөнгөн алтын куймаларын чыгаруу цехин ишке киргизүү аземине катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, имараттын жалпы аянты 1500 чарчы метрден ашат. Өндүрүштүк кубаттуулугу — айына 14 миң даанага чейин куйма чыгаруу.

Өндүрүштө Италия жана Германиядан келген алдыңкы технологиялар жана заманбап жабдуулар колдонулат, алар сувенирдик тыйындарды, медалдарды, ар кандай татаалдыктагы жана көлөмдөгү ордендерди чыгарууга мүмкүндүк берет.

Кыргызстандын эгемендик тарыхында өлчөнгөн куймаларды чыгаруучу бул биринчи ишкана.

Мамлекет башчысы өндүрүш процесси менен таанышып, жаңы цех өлкөгө баалуу металлдардын дүйнөлүк рыногунда өз позициясын бекемдөөгө, ошондой эле атамекендик өнөр жайдын өнүгүшүнө өбөлгө түзөөрүнө ишенимин билдирди.

Президент Садыр Жапаров бул ишкананы ишке киргизүү Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүндө, жаңы жумуш орундарын түзүүдө маанилүү кадам болорун баса белгилеп, 5-сентябрга чейин өлчөнгөн алтын куймаларын сатып алууну каалагандарга сатууну камсыз кылууну тапшырды.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар