Суббота, 4 января, 2025
-3.9 C
Бишкек

Чолпон-Атада 175 орундуу бала бакча оңдолуп, пайдаланууга берилди

Чолпон-Ата шаарында 175 орундуу бала бакча толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөндөн кийин пайдаланууга берилди.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, капиталдык оңдоп-түзөө иштери 2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталып.

Бала бакчаны оңдоп-түзөө иштери «Каракол Курулуш» ЖЧКсы тарабынан аткарылды. Жалпы оңдоп-түзөө иштерине 5 млн. сомго жакын каражат жумшалган.

Бала бакча 1969-жылы курулган. Азыркы учурда 256 бөбөк тарбияланууда.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар