Среда, 1 января, 2025
-1.9 C
Бишкек

Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу боюнча тегерек стол өттү

Бишкекте Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу үчүн дамбаны тандап алуу боюнча өткөрүлгөн тегерек стол болуп өттү.

Ага МинКаб Төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев, ошондой эле Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын тиешелүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, Дүйнөлүк банктын кызматкерлери жана эл аралык эксперттер катышты.

Адистердин белгилөөсүндө бул жолку жолугушуу Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу үчүн чоң мааниге ээ. Анткени дамбаны тандоо, андан соң техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгуу долбоордун негизги этабы болуп саналат.

Белгилей кетсек, Дүйнөлүк банк Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушунун долбоорун даярдоо иштерин каржылагандардын бири. Ал эми техникалык-экономикалык негиздемени Швейцариянын AFRY инженердик компаниясы иштеп чыгууда.

Тегерек столдун жыйынтыгында дамбанын түрү тандалып, анын негизинде техникалык-экономикалык негиздемени 2025-жылдын май айына чейин даярдоо чечими кабыл алынды.

Учурда Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна даярдык көрүү боюнча бир катар иштер аткарылды.

Анда үстүбүздөгү жылдын 30-августуна карата 1388 метр узундуктагы транспорттук тоннелдин курулушу аяктады. 15 чакырымдык бетон жолдордун бир тилкеси бүткөрүлдү. Электр чубалгыларын тартуу иши 80%га аткарылды. Ал эми 110 кВ электр берүү линиясы менен 110/6 кВ көмөкчордонун курулушун бүтүрүү 2024-жылдын аягына чейин пландаштырылган. Ошондой эле Нарын дарыясына көпүрө куруу жана жумушчулар үчүн шаарчаны салуу иштери да жүрүп жатат. ГЭСти куруу боюнча бардык даярдоо этаптары 2025-жылдын май айына чейин толук аяктайт деп күтүлүүдө.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар