whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
30.04.2025
13.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүЖогорку кызмат орундарына талапкерлерди тандоо тартиби жөнүндө жаңы жобо бекитилди

Жогорку кызмат орундарына талапкерлерди тандоо тартиби жөнүндө жаңы жобо бекитилди

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык Кыргыз Республикасынын президенти, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын жетекчиси тарабынан дайындалуучу (бекитилүүчү) кызмат орундарынын номенклатурасына кирген бош кызмат орундарына дайындоо (бекитүү) үчүн талапкерлерди тандоонун алкагында резюменин жаңы форматы бекитилди.

Буга чейин Кыргыз Республикасынын президентинин 2023-жылдын 14-июнундагы тескемеси менен өлкө жетекчилиги тарабынан дайындалуучу кызмат орундарынын номенклатурасына кирген бош кызмат орундарына дайындоо (бекитүү) үчүн талапкерлерди тандоо тартиби жөнүндө жобо бекитилген.

Бул Жобо жогоруда аталган номенклатурага кирген кызмат орундарына талапкерлерди тандоо маселелерин жөнгө салат. Тактап айтканда, тиешелүү талапкерди кароо максатында киргизиле турган документтердин тизмеси каралган.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын президентинин 2024-жылдын 27-августундагы тескемеси менен талапкерге байланыштуу толук маалыматтар чагылдырылган резюменин жаңы форматы бекитилген.

Резюменин жаңы форматы төмөнкү маалыматтарды камтыйт:
— туулган жери;
— жашаган жери;
— билими;
— биринчи иштеген жеринен баштап азыркы же акыркы кызмат ордуна чейин ырааттуу тартипте талапкердин иш тажрыйбасы.

Өлкөнүн жетекчилигине тандоо жана дайындоо үчүн талапкерлерди иликтөө максатында Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясы резюменин ушул форматын жетекчиликке алууну өтүнөт.

Үлгү

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар