Пятница, 26 апреля, 2024
13.1 C
Бишкек

«Жамийла» биринчи улуттук мюзиклинин бет ачары өтөт

12-апрелде Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Чыңгыз Айтматовдун повестинин негизинде даярдалган «Жамийла» биринчи улуттук мюзиклинин бет ачары өтөт.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, «Жамийла» мюзикли – бул оригиналдуу автордук музыка, поэзия, видео контент, көркөм жасалга, заманбап сценография, кыргыздын салттуу маданияты, тарыхый кийимдери, фольклору, хореографиялык, музыкалык жана вокалдык чыгармачылык айкалыштырган көркөм оюн.

Мюзикл 17-апрелге чейин сахнада коюлат.

  • Либреттонун автору жана коюучу-режиссёру — Виктор Фельд
  • Композитору — КР Эмгек сиңирген артисти Мурзали Жеенбаев
  • Ырларды жазган акын — Махаббат Молдалиева
  • Костюмдар боюнча художник — дизайнер-Дөөлөт Рысбаев
  • Хореографы — КР Эл артисти Анара Нургалиева
  • Хормейстери — КР Эл артисти Гульбара Маматова
  • Башкы сүрөтчүсү — Расул Кочкорбаев
  • Видео контент — Адан Алимбеков.

Белгилей кетсек, «Жамийла» чыгармасынын жаралганына быйыл 65 жыл толот.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар