Пятница, 26 апреля, 2024
13.1 C
Бишкек

Айбек Джунушалиев робототехника боюнча чемпионаттын жеңүүчүлөрү менен жолугушту

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев робототехника боюнча эл аралык чемпионаттын жеңүүчүлөрү менен жолугушту.
Борбор калаанын башчысы мектеп окуучуларын 2024-жылдын 5-7-апрелинде Красноярск шаарында өткөн «Красноярск 5.0» робототехникасы боюнча чемпионатта жеңиши менен куттуктады.
570 команда катышкан иш-чарада №24 А.Токомбаев атындагы мектеп-гимназиясынын робототехника командасы берилген беш тапшырманын ичинен бир байгеге ээ болду.
Мектеп окуучулары мэр Айбек Джунушалиевге өз колдору менен чогултулган механикалаштырылган роботтордун мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүштү.
Өз кезегинде шаар башчысы жаш роботчуларга ийгиликтерди каалап, ошондой эле мектепке алардын жөндөмүн өнүктүрүү үчүн интерактивдүү панель сатып алууга сертификат тапшырды.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар