Пятница, 26 апреля, 2024
16.1 C
Бишкек

Швейцария 43 миллион сомго компьютер берди

Швейцария Кыргызстандын саламаттык сактоо уюмдарына 43 миллион сомдон ашык суммага компьютердик жабдууларды берди.

Бүгүн, 12-мартта Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Оливье Бангертер Үй-бүлөлүк дарыгерлер топторун техникалык жактан жабдууну колдоо максатында Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге 320 компьютер тапшырды.

Бул IT-жабдуулар Кыргызстандагы 228 баштапкы саламаттык сактоо уюмдарына өткөрүлүп берилет.

Жабдуулар «Кыргызстанда жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу» швейцариялык долбоору аркылуу электрондук саламаттыкты сактоону чыңдоо үчүн берилди.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар