Пятница, 26 апреля, 2024
11.1 C
Бишкек

“Мага Кудай түгөйдөн бак айтыптыр”

Бул дүйнөгө жаралган соң адам пендесинин башынан ар кандай сыноолор өтпөй койбойт экен. Андайда бирөөлөр чыйралса, кимдир бирөөлөр аны көтөрө албай калган учурлар да жок эмес. Социалдык тармактардан капысынан каарманыбыз, элүү жаштагы Бактыгул Жоробеков (өзүнүн өтүнүчү менен аты-жөнү өзгөртүлдү) менен капысынан таанышып калып, анын оор тагдырын өз оозунан угуп отуруп анын эрктүүлүгүнө, кайраттуулугуна тан бердим.

“Эң бактылуу күндөрүм балдар үйүндө өттү”

– Жараткан ар бир адамга ар башкача тагдыр жазат экен. Менде ата-эне да, бир тууган да жок. 1973-жылы 4 айлык кезимде энем мени Токмоктогу балдар үйүнө таштап кеткен экен. 7-классыма чейин ошол жакта орус класста окудум. Союз кезиндеги камкордуктан уламбы, айтор, өмүрүмдөгү эң бактылуу күндөрүм ошол балдар үйүндөгү мезгилим болду. 7-классты аяктаган соң мени Токтогул шаарынан Токуш деген аксакал асырап алды. Турмуштун оор сыноосу, кыйынчылыктары ошол жактан башталды. Аксакалдын Темирбек аттуу улуу баласынан көрбөгөн кордугум калган жок. Ошого карабай мектепти ийгиликтүү аяктадым. Токуш атамдын көзү өткөндө аны өзүм майрам сууга алып, жерге бердик. Анан Бишкекке келип Медициналык институттун бюджеттик бөлүмүнө өтүп, бош убактымда базарларда араба түртүп иштей баштадым. Колдоор эч кимим болбогондуктан 2-курсумда окуумду таштоого мажбур болдум.

Ал убакта Кыргызстанда евроремонт жаңыдан өнүгө баштагандыктан ага аралашып мыкты уста да болуп чыктым. Бирок, буйрутмалар аз болгондуктан менде стабилдүү киреше болбоду. Анан эл катары Россияга барып иштеп көрдүм. Армияга чакырылып, Россиянын Ужур-4 шаарындагы ракеталык аскердик бөлүктө кызмат өтөдүм. Аскерден кийин Бишкекке келип жашап калдым. Арадан бир-эки жыл өткөндө нике кайып буюруп Чүйдүн бир кызы экөөбүз баш коштук. Келинчегим, анын ата-энеси абдан түшүнүктүү, жакшы адамдар болчу. Тагдыр экен, кызыбыз эки жашка чыкканда жубайым автокырсыктан каза болуп калды. Мени өз баласындай жакшы көргөн кайын энем “Балам, сенде урук-тууган же ата-эне болбосо, кызды кантип багат элең. Андан көрө кызды мага бер. Каалаган учурда келип амандашып турасың” деп кызымды алып калды. Кызым чоңоюп “Себат” мектеп-лицейин окуп бүтүрүп, Түркиядан Эл аралык ислам университетин ийгиликтүү аяктап келди. Аны кайын журтум менен биргеликте турмушка узаттык.

“Кудай мага түгөй жагынан бакыт айтыптыр”

– Биринчи келинчегимен ажырап калуу мен үчүн өтө оор сокку болду. Бул аз болгонсуп ошол жылдары оң колумду билектен циркуляркага алдырып манжаларым иштебей калды. Ошентип он жылдай бой жүрүп 2000-жылы Нарындын кызы, азыркы келинчегиме баш кошуп, үч кыздуу болдук. Экинчи топтогу майып болгонума карабай бала-чаканы багыш үчүн курулушта иштеп жүрдүм. Ысык-суукта жүрүп суук тийгенби, кийин ашказан, жоон ичегилерден операция болдум. Ар кандай катаал шарттарда иштеп жүрүп тизе, чыканак, кызыл ашыктарымдын нервдерине да суук тийген экен. Азыр кичине туура эмес басып алсам эле муундарым какшап, баса албай калам. Ошондуктан азыр жаш балача аяр кыймылдайм.

Балдарымдын апасы тикмечи. Балдарыбызга жөлөк пул, өзүм пенсия да албайм. Болгону жубайымдын тапканы менен күн көрүп жатабыз. Келинчегимдин сабыры, мага, балдарыма болгон сүйүүсүнүн молдугу биздин үй-бүлөнү бекем сактап турат. Мага Кудай дүнүйө, үй-жай, ден соолук жагынан бербесе дагы сабырдуу түгөй жагынан бакыт айтыптыр. Кээде жубайыма “Ушул кезге чейин сага, балдарыма жарытылуу эч нерсе кыла алган жокмун. Анан кантип мени менен чыдап жашап жүрөсүң?” – десем, “Ай ушул да сөзбү? Менин сага болгон кызматым үчүн тигил дүйнөдө жүзүм жарык болсо болду. Ырыскы, мал, дүнүйө келип кете турган нерсе. Экинчи андай сөздөрдү айтпагын. Кудай жолунда жүргөн адам да ошондой сүйлөйбү”, – деп койсо ичимен аябай сүйүнүп калам. Менимче, бул да болсо экөөбүздүн тең дин жолунда жүрүп, үзбөй намаз окуганыбыздан болсо керек деп коём.  Кудайга шүгүр, жана айткандай, улуу кызыбыз турмушка чыккан. Экинчи кызыбыз мектептин программасын кошо окуткан медреседе окуйт. Кичүү кызыбыз 3 жашта.

23 жыл бою батирлеп жүрүп Бишкектин биз жашабаган району калган жок окшойт. “Беш маал намазымды окуп, адамдарга колуман келишинче жакшылык кылып, эл оозунда жакшы адам боюнча калайын деген тилекте жүрүп эмнеге менин тагдырым ушундай?” деп кээде пендечилик кылып ыйлап алам. Өзүмө өзүм батпай, көкүрөктө ар кандай ойлор, ырлар кайнай баштаганда такси менен тоо тарапка барып түндөп калып калам. Оттон жагып алып ыр жазып, көөдөнүм бошогончо ыйлап өзүмдү сооротом.

“Кыргыз Туусуна бир нече макалам чыккан”

– Адамдын башына оор сыноо түшкөндө же катуу ооруп калганда кандайдыр бир улуу затка ишенүү, ага сыйынып калуу инстинкти козголот. Башкача айтканда, диндарлык инстинкт ойгонот. Бишкекте кыйналып жүргөндө Кудайдан жакшылыктарды, жашоомдун оңолушун тилеп жүрүп ислам динине баш багып калдым. Анын аркасы менен Кыргызстан мусулмандар башкармалыгында иштеп калып дин ишмерлерине бир топ орчундуу суроолорумду берип, айрым тагдыр маселесине байланышкан суроолорго канааттандырарлык жоопторду ала албадым. Ошентип жүргөнүмдө Оштун Кара-Суу районунан Алауддин Мансур деген өзбек аалым Бишкектеги бир диний курултайга келип калды. Дин ишмерлеринин кеңеши менен мен ал кишиге жолугуп, баягы суроолорумду берип, бир аз баарлашып калдык. Ал киши мени жактырып калып өз үйүнө алып кетти. 9 жыл анын таалимин алып, араб тилин өздөштүрүп, Курандын илимий изилдөө ачылыштары боюнча кеңири маалыматка ээ болдум. Анан устаз “Ислам дининин асыл чындыктарын кантип алсаң, эми аны элге ошондой жеткирип дин жагынан кызмат кыл”, – деди.

Ошол кезде Кыргызстанда диний сабаттуулук бир топ төмөн болчу. Азыркы Хазирети Умар атындагы институт ал учурда медресе эле. Ошол жерде мугалим болуп иштеп калдым. Кийин дипломдуу адистер келгенде биз ишсиз калдык. Кагаз иштери, макала жазуу жагынан шыктуу болгондуктан көп өтпөй муфтиятта катчы болуп иштеп калдым. Карапайым адамдардын христиан динине, башка диний агымдарга агылып кире баштаганын көрүп “Кыргызстан политеизмби?”, “Чындык чиркөөдөбү?” өңдүү коомдун бүйүрүн кызыта турган макалаларымды жазып алып “Кыргыз Туусу” гезитинин редакторунун орун басары Эсенбай Калдаровго кирдим. Ал киши карап көрөлү деп макалаларымды алып калды. Бир-эки жумадан соң гезитти алсам бир макалам чыгыптыр. Сүйүнүп дагы башка макалаларды жазайын деп жүрүп “Кыргыз Туусунун” дагы бир санын сатып алдым. Карасам Эсенбай Калдаровдун гезит аркылуу мага жазган ачык каты жүрөт. Автор анда менин макалам “Кыргыз Туусуна” жарык көргөн соң республиканын булуң-бурчунан окурмандардан телефон чалуулар көп болуп, ыраазычылыктар айтылганын, ошол себептен мени менен редакция кызматташууга кызыкдар экенин жазыптыр. Аны окуп алып “Кыргыз Туусу” менен кызматташып, бир топ макалаларды жазып жүрдүм. Кийин Казакстандын Жамбыл облусуна араб тилинен убактылуу котормочу болуп барып калдым. Ал жумуш бүткөн соң Чымкент шаарында курулушта иштеп калып, редакция менен байланыша албай калдым.

“Ортобузда адал никеден башка эч нерсе жок”

– Россияга барган жылы паспортумду жоготуп алып Кыргызстанга келе албай калдым. “Ушинтип Москванын көчөлөрүндө селсаяк болуп каламбы?” деп сары санаа боло баштадым. Өзбекстандын Наманган облусунун жашоочусу, кыргыз паспорту бар өзбек жигиттен сураштырып бирөөлөр аркылуу 600 долларга паспорт жасатмай болдум. Ал учурда тажик, өзбектер кыргыз паспортун негедир оңой жасатып алышчу. 600 доллар даяр болгондо өзбек жигит мага паспорт жасатып берди. Паспортту аларын алып, бирок, Кыргызстанга келе жатканда ызы-чуу болбосо экен деп коркуп жүрдүм. Москвадан кайтып келип бажыдан өтсөм эч кандай маселе болгон жок. Буга аябай таң калдым. Паспортумда мен Ноокат районунун Шаңкол деген айы-
лына катталыптырмын. Ал паспортумдун мөөнөтү быйыл бүттү. Эми мен жаңы паспортту кайдан, кантип алам билбейм. Жубайым экөөбүздүн ортобузда шарият жолундагы адал никеден башка эч нерсе жок. Кайнилеримдин үйүнө каттоого туруп паспорт, нике күбөлүк алалы десек алардын деле үйлөрүнүн кызыл китептери жок экен. Кудайга шүгүр, азыркы Президентибиз Садыр Жапаров документтештирүү жагын бир тарабынан иреттеп келе жатат. Бирок, ал толугу менен ишке ашкыча ким бар, ким жок.

“Ата-тегим ким экенин билбейм”

– Бир жолу ата-тегимди тактайын деп сураштырып отуруп биз тарбияланган балдар үйүндө айдоочу болуп иштеген Бактыгул байкенин үйүнө барып калдым. Барсам, анын апасы бар экен. Ал кемпир “Айланайын балам, биздин урук-туугандарда бала таштоо деген болгон эмес. Бирок, менин балам балдар үйүндө иштеген. Балким, анын аты-жөнүн сага беришсе керек”, – деди.

Аны угуп бизди багып өстүргөн Вера Гричева деген тарбиячыбызга барсам, ал киши карып калыптыр. Балдар үйүндөгү жакшы учурларды айтып берсем кучактап алып бир топко ыйлады. Анан биз кичине кезде балдарды кучагына баткыча көтөрүп алчу Бактыгул байкенин аты-жөнү мага берилгенин айтты. Ошондон кийин мен өзүмдүн ата-тегимди издегенден түңүлүп калдым. Ошентип азыркыга чейин ата-тегим ким экенин билбей жашап жатам.

“Үйлүү болуп калсам арманым жок эле”

– Жогоруда айтканымдай мен мектепти алтын медаль менен аяктап, Медициналык институттун жалпы дарылоо факультетиннин бюджеттик бөлүмүнө 1991-жылы өткөм. Бир аз окуган соң мени менен окугандар байлардын, колунда барлардын балдары, кыздары экенин түшүндүм. Окуум бекер болгону менен тамак-аш, кийим-кече, окуу куралдары жагынан мага көмөктөшөр киши болгон жок. 2-курска өткөндө арыктап, өтө кыйналып кетип окуумду таштап салдым. Жашоодогу бир чоң арманым окуумду уланта албай калганым болду. Балким, окуумду жакшы аяктаганда менден мыкты адис чыгат беле?..

Азыр менин бир гана максатым Кудайга шүгүрчүлүк кылуу, анын алдында жүзүмдүн жарык болуусу гана болуп калды. Азыр келинчегим иш издеп чыгып кетти. Кичүү кызымды бала бакчага бере албай өзүм карап отурам. Эзелтен кайрымдуу кыргыз элим жардам кылып, бир үйлүү болгонго жардам берсе арманым жок эле.

P.S. Каарманыбызга жардам берчүлөр болсо 0775 750 573 номерине байланышсаңыздар болот.

Мелис СОВЕТ уулу, “Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар