Вторник, 24 декабря, 2024
-8.9 C
Бишкек

Шайлоого шайма-шайбызбы?

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 17-ноябрда өтөт. Бул өнөктүккө карата аймактагы даярдык иштери туурасында Боршайлоокомдун Баткен облусундагы атайын өкүлү Алишер КОЛДОШОВ айтып берди.  

– Алишер Камбарович, шайлоого кандай даярдыктар жүрүп жатат?

– 6-сентябрда КР Президентинин “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таратуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” жарлыгы чыгарылды. Ага ылайык, Бишкек жана Ош шаарларынын, ошондой эле Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын бардык жергиликтүү кеңештери таркатылды.

Кеңештерди таратуу кайра уюштурууга алып келүүчү тиешелүү аймактык бирдиктердин чек араларынын өзгөрүшүнө, ошондой эле айыл аймактарынын жана шаарлардын деңгээлинде администрациялык-аймактык түзүлүштүн жалпы түзүмүнүн өзгөрүшүнө байланыштуу жүрдү.

Учурда шайлоону уюштуруу, шайлоочуларды эсепке алуу, тизмелерди тактоо, добуш берүү жана шайлоочуларды идентификациялоо жабдууларын коопсуз сактоону, аралыктан добуш берүүнү камсыз кылуу боюнча аракеттер көрүлүп жатат.

Ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары калкты каттоодо, шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын түзүүдө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүп жатышат.

– Азыркы шайлоодо кандай өзгөрүүлөр бар?

– «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам 2024-жылдын 6-августунан тартып күчүнө кирген.

Мыйзам менен шайлоону өткөрүүнүн негизги тартибин өзгөртүү каралган эмес: шаардык кеңештер мурдагыдай эле пропорциялуу система боюнча – партиялар тарабынан талапкерлердин тизмесин көрсөтүү аркылуу, ал эми айылдык кеңештерде шайлоо – мажоритардык система боюнча шайланат.

Ошондой эле шаардык кеңештерге шайлоодо преференциалдык добуш берүүгө өтүү жана босого чекти 5%га чейин төмөндөтүү, айылдык кеңештерге талапкерлер үчүн күрөөнү жокко чыгаруу ж.б боюнча өзгөртүүлөр киргизилди.

– Канча участокто добуш берүү жүрөт?

– Президенттин 6-сентябрындагы жарлыгы  менен облуста 6 шаардык, 35 айылдык кеңеш таратылды. Мындан улам Кызыл-Кыя, Кадамжай, Айдаркен шаардык кеңештери жана Кадамжай районунун 8 айылдык кеңешинде шайлоо 17-ноябрга дайындалды.

Ал эми Баткен жана Лейлек райондорунун, Баткен жана Сүлүктү шаарларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо административдик-аймактык реформанын алкагындагы өзгөртүүлөрдү мыйзамдык жактан жөнгө салууну эске алуу менен өткөрүлөт.

Жалпысынан 17-ноябрда облус боюнча 219 шайлоо участогунда добуш берүү жүрөт.

Гүлчехра ТАЖИБАЕВА, “Кыргыз Туусу”

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар