Кечиккенде, ишибизди чала аткарып койгондо, же тааныш-билиштер аркылуу бүтүргөндө дайыма «кыргызбыз да», «кыргызча болуп калды» дей берип, коомдо өз улутубузга карата терс көз караш калыптанып гана эмес, сиңип бүткөндөй. Кыргыз жараны катары ар бирибизде эле «Эмне үчүн?», «Кантип бул абалга жеттик?» – деген суроолор туулса керек. Алгач бул маселеге алыстан көз чаптырып көрүүнү туура көрдүм.
Акыркы учурда дүйнөдө, Борбор Азияда, анын ичинде Кыргызстанда өлкөнүн деколонизацияланышы, башкача айтканда чет элдик үстөмдүктөн бошонуу тууралуу талкуулар күчөгөндөн күчөй баштады. «Биз эгемендүүлүктү отуз үч жыл мурун алып койсок, каяктагы колонизацияны какшап жатышат» деген ой келет. Бул тууралуу саясат талдоочу Чынара Эсенгул: «Күч-кубаты бар мамлекеттер алсыз мамлекеттерди басып алып, алардын ресурстарын колдонуусу саясий жана экономикалык жактан алып караганда колонизация деп айтылып келет. Бирок, мындан тышкары, аң-сезимдин колонизациясы деген да түшүнүк бар. Бул ошол басылып алынган жердеги элдердин аң-сезимине таасир этүү» – дейт, BBC порталына берген маегинде.
Коомдо өз улутубузга карата аң-сезимдин калыптануусунда, патриоттук сезимди ойготууда улуттук саясат жүргүзүүнүн ролу зор экендиги талашсыз. Бул боюнча саясат таануучу Бактыбек Сейитбаев: «Мамлекетибиз үчүн ааламдашуу шартында улуттук саясат сөзсүз керек, анткени элибиздин нарк насили, каада-салттары, руханий өнүгүүсү кумга сиңген суудай жок болуп кетүү коркунучунда турат. Эгерде улуттук саясатка көңүл бурбасак, келечек муун «маңкуртташып» кетүү коркунучу бар» деген пикирде. Бирок, эксперттердин «кыргыздар аң-сезимдик колонизациядан чыга элек» деген баасына каршы экендигин, өзгөчө акыркы мезгилде коомубузда, улуттук аң-сезимди, адеп-ахлак өстүрүүгө карата мамлекеттик бийлик тарабынан иш-чаралар жүрүп жаткандыгын баса белгиледи.
«Кыргызбыз да» дегенде терс образдарды элестеткенибиз менен, ал эми «орус мүнөз» десе ачык мүнөз, кыялы кичинекей баланыкындай адам көз алдыбызга тартылат эмеспи. Аң-сезимибиздин ушундай калыптанып калышына тарыхый окуялардын таасири канчалык экенин билүү үчүн тарыхчы Мирхамид Токтогулга кайрылып көрдүм. «Бир элдин башка элдин үстүнөн башкаруусу, колониялык саясаты башкарылган элдин мүнөзүнө таасир этет. Көп жылдар бою орус империясынын, андан кийин Советтер Союзунун курамында болгонубуз, кандайдыр бир улуттук менталитетке өз таасирин тийгизген» деген жообун берди. Ошондой эле «Улуттук баалуулуктарын тереңинен түшүндүрүү керек. Себеби биздин элдин салттуу билимдери, табиятка, жан-жаныбарга, экологияга, адамга болгон мамилелер дыкат иштелип чыгып, ал өзүнүн маанилүү экендигин далилдеп, миңдеген жылдар бою колдонулуп келген. Мына ошол адамзаттын фундаменталдык түшүнүктөрүнө шайкеш келген билимдерибизди, баалуулуктарыбызды, каада-салттарыбызды профессионалдык деңгээлде чечмелеп берүү аркылуу бул маселени жоё алабыз» деп, көйгөйдү чечүү жолун да сунуштап өттү.
Албетте, качандыр бир басып алган бийликтин, же азыркы жүргүзүлүп жаткан саясаттын таасири чоң. Бирок, айыпты башкаларга аңтарып коюш жеңил, андыктан, өзүбүз эмне кылып жатабыз ойлонуп көрүүгө туура келет. Кечиккенде, ишибиздин мөөнөтү бүтөйүн дегенде эптеп-септеп кыла койгондо «кыргызбыз да» деген сөздү оозубузга башкалар сала коюшкан жок да. Жазуучу Абдымамбет Сариев өзүнүн фейсбук баракчасында «Бурмалоолордун кесепетинен “кыргызчылык” деген сөз дагы өзүнүн бийик, касиеттүү маанисин жоготуп, азыркы учурда жаман адат сыяктуу эл арасына кеңири тарады. Илгери кыргыздар туура эмес иштерди жасап алса, же туура эмес сүйлөп, айып кетирсе, ал иши же сөзү үчүн кечирим сурап: “Эми кыргызчылык кылып кечирип кой?!” же “Анын кылганы кыргызчылык болбой калыптыр! Мындай жорук кыргызчылыкка туура келбейт!” дешип кечиримге жетүүдө кыргызчылыкты пайдаланышып, кыргызчылыктын негизги сапаты адамдарды оң жолго тарбиялай турган, оң багыт бере турган касиет болгон» деген билдирүү тараткан.
Улуттук саясат жүргүзүү, баалуулуктарыбызды жайылтуудан сырткары, үй-бүлөбүздөн алган тарбиябыз да улутубузга болгон көз карашыбыздын калыптанышына чоң орду бар экен. Балдар психологу Жакутай Конуратова: «Апасы, үй-бүлөсү тили чыккандан баштап баланын өздүгүн үйрөтө башташат, мекенди сүйүүгө үйрөтүү да ушул жерден, ушул жаштан башталат. Балага Мекенинин баалуулугун сыймыктануу менен жеткирүү керек, бала өз иденттүүлүгү менен бирге эле сыймык менен Мекенин, элин, улутун кабыл алуусу зарыл»- деди. Ошондой эле, балага эпосторду жеткирүүдө эң алгач окуп берип эмес, жомок сыяктуу кара сөз менен, анан мүмкүн болушунча сүрөттүү китептер менен айтып берген таасирдүү болорун айтып: «Бирок, бизде, тилекке каршы, эпостор менен сүрөттүү китептер өтө аз, жок десе да болот. Бала 6-7 жашка чыкканга чейин баатырлар жөнүндө айтып берип, сен өзүң элестетип сүрөткө тартып көрчү десек же пластилинден жасап көрсө, балада маалымат да пайда болот, элестетүү, чагылдыруу, логикалык ой жүгүртүү сыяктуу көндүмдөрү да өрчүп жүрүп отурат» – деп, кошумчалады Ж.Конуратова.
Жыйынтыктап айтканда, аң-сезимдик колонизациядан азаттыкка чыгуу, өзүбүздүн «улуу» эл экендигибизди баамдоо улуттук саясат жүргүзүү, баалуулуктарыбызды жайылтуу менен гана ишке ашпайт. Адабиятта улутубузга арналган ырлар аз дей албайбыз. Балким, «кыргызмын» деп төш кагуу эмес, «жөн эле кыргызмын» деп, сыймыктануу менен жашоо керектир?..
Уулжан Бейшенбекова, “Кыргыз Туусу”