“Көзү өткөндөрдү даңктабай, тирүүлөр баркталбайт” – демекчи, элибиздин руханий жактан өнүгүшүнө, миңдеген мектеп окуучуларынын билим-таалим алып, тарбияланышына опол тоодой салым кошкон, Кыргыз педагогика илимине новатордук жаңылыктары менен жалпы педагог коомчулугунун эсинде калган улуу педагог, Кыргыз эл мугалими Бекмурза Батыркулов тууралуу сөз кылууну туура көрдүк. Ал 2014-жылы узак оорудан бул дүйнө менен кош айтышкан.
Кетмен-Төбө өрөөнүнөн чыккан алгачкы жана жалгыз Эл мугалиминин, улуттук педагогика илимине чоң жаңылыктары менен салым кошкон улуу инсандын ысымын райондун бир мектебине же бир чолок көчөсүнө ыйгарбай, биротоло унутуп баратканы акыйкат болбос. Анын ордунда, аты белгисиз бир канча адамдардын аты коюлган райондун аймагында билим берүү мекемелери ж.б. арбын.
Бекмурза Батыркулов 1930-жылы Кетмен-Төбө районундагы Кара-Жыгач деген кичинекей айылда, Нарын дарыя-сынын жээгинде, жарык дүйнөгө келген. 1943-жылы улуу согуш кычап турган кезеңде айылындагы «Кызыл-Жазы» 7 жылдык мектебине кирип, сабатын ачат. Аны 1950-жылы бүтүрөт да, ошол 7 жылдык билими менен мектепте адис жогунан мугалим болуп иштеп калган. Ал убакта 7 жылдык мектепти бүтүргөн адамдай билимдүү адам жок экен бул өрөөндө.
Эки жылдан кийин Нарын дарыясынын аркы өйүзүндөгү коңшу айылдын мектебине мугалимдикке жөнөтүлөт. Ошондо бутуна киерге батиңкеси жок, машинанын дөңгөлөгүнүн резинасынан таманына ылайыктап кесип алып, арчындап байлап алчу экен. Кийин ошол эле мектепте директор болуп, 1961-63-жылдарда иштейт. 1966-жылы Оштогу педагогикалык окуу жайды сырттан окуп бүтүргөн. Мезгилине жараша тажрыйбасы мол, ишке каныккан бул адам баягы жети жылдык мектепти 1969-жылы орто мектепке айлантып, жаңы мектеп ачкан экен.
Практикалык эмгегин илим менен улантууну көздөп, 1972-жылы Кыргыз педагогика илим-изилдөө институтуна аспирантурага өтөт. Анын ар бир эмгек күнү, ар бир сабагы эксперимент менен коштолгон. Ар күнкү жаңы сабагы өз кесиптештерине методикалык жаңы көрсөтмө, жаңы кеңеш болгон. Ошентип жүрүп, 1977-жылы ага «методист-мугалим» деген наам ыйгарылган. 1983- жылы СССРдин билим берүүсүнүн отличниги, 1995-жылы “КРнын мектептерине эмгек сиңирген мугалим” наамын алган. Ошондо ал Токтогул районундагы ушул наамга татыктуу болгон экинчи адам болгон экен.
Б.Батыркуловдун элге сиңирген көп жылдык эмгеги бааланып, 1988-жылы Республиканын билим берүү министрлиги жаңычыл мугалим катары таа-ныган да, министрликтин Ардак тактасына сүрөтү илинген. Кийинки жылы Бекмурза агай иштеген «Кызыл-Жазы» мектеби расмий түрдө анын «автордук мектеби» деп аталган.
2002-жылы Республиканын мугалимдеринин эң жогорку сыйлыгы – Кыргыз Республикасынын эл мугалими наамын алды. Ал эми 2007-жылы Токтогул эли аны КРнын Эл Баатыры ардак наамына сунушташкан.
Мен бул агай менен 1986-жылы алгач ирет мугалимдердин август кеңешмесинде бетме-бет кездештим. Анда мен Токтогул районунун айылдык бир мектебинде мугалим болуп жүргөн кезим болчу. Үлгүлүү кабинети, жаңычыл тажрыйбалары тууралуу алыскы мектепте жүрүп аңыз кылып сүйлөшөр элек. Бирок, ал агайдын тажрыйбасы менен бир жыл кийинчерээк, 1987-жылы күздө жакындан таанышкам.
Бул убакта мен КирНИИПте (азыркы Кыргыз билим берүү академиясы) иштеп калган кезим эле. Республиканын жаңычыл мугалимдерин издөө башталганда, атайын командировка алып, Бекмурза агайдын мектебине жиберилдим. Сергек көңүл, өткүр сүйлөп, өткүр ойлогон, жасайын дегенин жаңылбай жасап, эч кимге окшобогон мугалимдик жеке өнөрүн туу туткан бул адамдын үйүндө бир жумача жатып, сабактарына катышып, окуучулары менен маектешип, кесиптештери менен аңгемелешип, анын жан дүйнө сырын, педагогикалык лабораториясын аңдап билген элем.
Мектебиндеги үлгүлүү кыргыз тили кабинетин изилдеп чыктым. Кыргыз тилинин өнүгүү, изилденүү, жетилүү тарыхын, тилчи-окумуштуулардын таржымалын, тил илиминин бүткүл табиятын камтыган бул кабинет көп жылдар бою, республиканын бир кичинекей бурчунда, аты анча белгисиз бир мугалимдин колунан жаралып, жалпыга белгисиз бойдон катылып жатканына таң калдым.
Анан да, бүткүл дүйнөлүк педагогика илиминде да, практикасында да жок бир укмуш табылгаларды тапкам! Ал тууралуу “Өмүргө шоола чачкан сабактар” аттуу кенен очерк жазып, ал очерк 1988-жылдын 14-февралында “Мугалимдер газетасына” эки бет болуп жарыяланды. Ошол күнү чыгармачыл мугалимдердин слёту болуп, Б.Батыркуловдун ысмы рес-публиканын булуң-бурчунан келген чыгармачыл мугалимдердин оозуна кирди. «Сабак-сахна», «сабак-жомок», «сабак-мелдеш»- деген буга чейин эч ким укпаган педагогикалык лексикондорду айылдык карапайым мугалим ойлоп таап, өзү эчактан бери практикалап келатканы бүт республикага чагылгандай тарады!
Ошол күндөн баштап, бүткүл республиканын мугалимдеринин алдын тос-кон тосмо жарылгандай, чыгармачылык эркиндик келгендей болду. Советтик авторитардык педагогиканын канондору бузулуп, чыгармачыл сабактардын 50гө жакын жаңы, стандарттык эмес түрлөрү жайнап чыкты. Мына ушундай чыгармачыл мугалимдердин республика боюнча өсүп чыгышына айылдык мектептин чыгармачыл кыргыз тили жана адабияты мугалими жол ачып берди!
Б.Батыркулов мындай эмгеги менен беш жүз жыл бою бузулбаган, бүтүн дүйнөдө “сабак” деп аталган 45 мүнөттүк билим берүү формасын жаңылап, дүйнөлүк педагогикада калыптанган дыңды бузган! Бирок жергиликтүү методисттер, инспекторлор «Бул Батыркулов деген неме салттуу сабактарды өзү каалагандай бузуп, теңирден тескери формаларды ойлоп таап, аты белгисиз сабактарды өткөрүп, чак-челекей салганы эмнеси!» деп күнөөлөгөн күндөрдү башынан далай ирет кечириптир. Мунун өзү-жаңылыктын өз учурунда көнүмүш чөйрөдө кабыл алынбагандыгы табигый нерсе экендигин гана далилдейт…
Ошол кезде СССРде Ш. Амонашвили, В. Шаталов, М.Давыдов, А. Ильин, Е.Лысенкова сыяктуу новатор аталган мугалимдердин ысмы чагылгандай тарап жаткан кез эмес беле. Анын желаргысы менен өзүбүздүн да алардан кем эмес жаңычыл мугалимдерибиз бар экендигин далилдедик. Алардын ичинде эч кимисинен кем эмес, албетте, ошол кезде аты жалпы өлкөгө белгилүү болуп калган, проблемалуу макалалары байма-бай жарыяланып турчу таластык Бектур Исаков, анан ушул биздин агай Бекмурза Батыркулов бар болчу. Муну туура түшүнүп, ошол кездеги КирНИИПтин директору, профессор Исак Бекбоев, кыргыз тили, адабияты секторунун башчысы С.Байгазиев менен бирге өзүбүздүн «новатор-мугалимдерибизди» көтөрүп чыгууга бел байлаганбыз. Профессор С.Байгазиев менен бирдикте жогорудагы эки мугалимдин педагогикалык жаңычыл тажрыйбаларын иликтеп, «Педагогикалык тажрыйба: изденүүлөр жана табылгалар» аттуу китеп да чыгарганбыз.
Ошол китеп менен бул эки чыгармачыл мугалимдин ысымы элге чагылгандай тез тарап, Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан “Республиканын новатор мугалимдери” деп ачык жарыяланган.
Бекмурза агайдын жылдызы балбылдап жанып, анын жеке ачылышы жана жеке чыгармачыл тажрыйбасы болуп саналган «сахна-сабак», «сабак-жомок», «сабак-таймаш» аттуу сабактары бүткүл мугалимдерибизге бүгүнкү күнгө чейин чыгармачыл ишине маяк болуп келет. Ушундай эмгеги менен убагында Ош облустук кеңешке депутат болуп, облустук кеңештин төрагасы да болуп шайланган.
Мына ушундай жаңычыл мугалим, жаркын инсан, туулуп-өскөн жери үчүн да көптөгөн кызматтарды аткарган. Кыргыз Республикасынын эл мугалиминин ысымы борбор калаабыздагы же Токтогул районунун борборундагы жаңы курулуп жаткан мектептердин бирине ыйгарылса эң эле акыйкат иш болмок. Бул сунушубузга өлкө жетекчилери көңүл бурса, көзү өткөн улуу инсаныбыздын элесин татыктуу урматтагандык болор эле!
Сулайман РЫСБАЕВ, педагогика илимдеринин доктору,
профессор