Среда, 25 декабря, 2024
-16.9 C
Бишкек

Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган түрк дүйнөсүнүн чолпон жылдызы – “Манас” университетинде

Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын 11-саммитине катышуу үчүн Бишкекке келген Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган 2024-жылдын 5-ноябрында Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы билим берүү тармагындагы достуктун жана кызматташтыктын символу болгон Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде болуп, академиялык жана коомдук түзүмдөрдүн жамааттык ачылыш аземин өткөрдү.

Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен бирге Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татар, Түрк мамлекеттер уюмунун Аксакалдар кеңешинин төрагасы Бинали Йылдырым, тышкы иштер министри Хакан Фидан, энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактар, маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой, улуттук коргоо министри Яшар Гүлер, саламаттыкты сактоо министри Кемал Мемишоглу, соода министри Өмер Болат, улуттук чалгындоо уюмунун төрагасы Ибрахим Калын, президенттик аппараттын  коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун, ТКТРдин Коомдук иштер жана транспорт министри Эрхан Арыклы, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Авазбек уулу, Президенттин тышкы саясат жана коопсуздук боюнча башкы кеңешчиси Акиф Чагатай Кылыч, АК партиянын төрага орун басары жана партиянын басма сөз катчысы Өмер Челик менен бирге кээ бир жетекчилер да келишти. Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган, КТМУнун Камкорчулар кеңешинин төрагасы, PhD., профессор Ибрахим Чапак, ректор, PhD., профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев катышкан аземде профессордук-окутуучулук курам жана студенттер орун алды.

Салтанаттуу азем боордош эки өлкөнүн мамлекеттик гимндерин аткаруу менен башталды. Андан кийин Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин таанытуу тасмасы көрсөтүлдү.

“Эки өлкө ортосундагы достукту бекемдей турган жаштарды өстүрүп жатабыз”

Биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев академиялык жана коомдук түзүмдөрдүн жамааттык ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө Президент Эрдогандын иш графигинин тыгыздыгына карабай окуу жайга келгенине кубанычта болгонун билдирди. КТМУ Кыргызстан менен Түркиянын, ошондой эле жалпы боордош түрк мамлекеттеринин ортосундагы маданий жана социалдык байланыштарды бекемдеген өзгөчө аянтча экенин айтып, “Келечекте бул университетте билим алган студенттер эки өлкөнүн ортосундагы достукту чыңдоодо, билим берүү тармагындагы кызматташтыкты өркүндөтүүгө өз салымын кошот”, – деди.

“Президенттин сапары биз үчүн майрам”

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, PhD., профессор Алпаслан Жейлан саламдашуу сөзүндө президент Эрдогандын окуу жайга келиши алар үчүн чоң сыймык экенин белгилеп, жалпы жамааттын атынан ыраазычылык билдирди. Президент Эрдогандын иш графигинин тыгыздыгына карабай окуу жайга келгени “Манас” үй-бүлөсүнө чоң кубаныч тартуулаганын айтып, мындай деп жыйынтыктады: “Урматтуу Президент, иш графигиңиздин тыгыздыгына карабай биздин университетке көрсөткөн кызыгууңуз үчүн ыраазычылык билдирем. Сизди “Манас” университетинде дагы бир жолу тосуп алуу биз үчүн майрам. “Манас” үй-бүлөсү сиздин ар дайым ден соолукта болушуңузду тилейт. Бар болуңуз!”

Президенттин жана министрлердин колдоосу менен алдыга карай

Камкорчулар кеңешинин төрагасы, PhD., профессор Ибрахим Чапак Президент Эрдогандын “Манас” университетине болгон сапарына абдан кубанычта болгонун билдирип, окуу жайдын дүйнөдөгү алдыңкы 1000 университеттин катарына кошулуусунда Президенттин жана тийиштүү министрликтердин колдоосун баса белгиледи. PhD., профессор Ибрахим Чапак: “Биздин университет дүйнөдөгү алдыңкы 1000 университеттин катарында. Президенттин жана министрлердин колдоосу менен мындан ары да алдыга карай жыла бермекчибиз. Академиялык жана административдик жактан студенттерди эң мыкты деңгээлде өстүрүү максатында талыкпай эмгектенип жатабыз”, – деди.

Төрага, PhD., профессор Ибрагим Чапак өз сөзүндө Камкорчулар кеңеши катары университеттин жетекчилигине көрсөткөн бардык колдоосун баса белгилеп, “Камкорчулар кеңеши катары ректорго жана жетекчиликке чексиз колдоо көрсөтүп, окуу жайдын мыкты деңгээлге жетиши үчүн колдон келген аракетибизди жумшай бермекчибиз”, – деди.

Президент Татар: “Көңүлүм сиздер менен”

Салтанаттуу аземде сөз сүйлөгөн ТКТРнын президенти Эрсин Татар өткөн жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде “Ардактуу доктор” наамын алганына сыймыктанганын билдирип, “Ошол күндөн тартып көңүлүм ар дайым сиздер менен болду”, – деди. Президент Татар Кыргызстан менен Түркия Республикасынын ортосундагы барган сайын өнүгүп келе жаткан мамилелерди белгилеп, бул мамилелердин бекемделишине абдан кубанычта экенин билдирди. Президент Татар чакыруу үчүн рахматын айтып, “Урматтуу Президент Режеп Тайып Эрдоганга ТКТРга көрсөткөн колдоосу үчүн ушул жерден дагы бир жолу ыраазычылык билдиргим келет”, – деди.

Президент Эрдоган: “Тамыры терең боордоштук жыл сайын өсүп, бекемделүүдө.”

Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин академиялык жана коомдук түзүмдөрдүн жамааттык ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстанга келгенине кубанычта болгонун билдирип, “Урматтуу боордошум, Кыргызстандын Президенти Жапаровдун чакыруусу менен сиздерге, ата-бабаларыбыздын мекени болгон Кыргызстанга келип отурганыма абдан кубанычтамын”, – деди.

Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы тамыры терең боордоштуктун бекемделип жатканын белгилеген президент Эрдоган: “Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы боордоштук терең тамырлуу чоң чынар бак сыяктуу жыл сайын өсүп, бекемделип, ар түрдүү тармактарда бутактанып жатат.

Биз ата-бабаларыбыздан калган бул бир туугандык жана кызматташтык рухун келечекке жеткирүү үчүн чечкиндүү кадамдарды жасап жатабыз.

Биздин кызматташтыктын үзгүлтүк­сүздүгүнүн эң маанилүү өбөлгөсү – албетте, билим берүү жана кадрларды даярдоо жаатындагы долбоорлорубуз.

Түркия катары биз да кыргыз жаштарынын жаркын келечек куруусуна колдоо көрсөтүү үчүн билим берүү жана кадрларды даярдоо боюнча аракеттерибизди улантып жатабыз”, – деп Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы достуктун узун тарыхый өтмүшү болгонун жана муну келечекке билим берүү аркылуу жеткире билүү мүмкүндүгүн баса белгиледи.

Президент Эрдоган өз сөзүндө эки өлкөнүн ортосундагы билим берүү тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү процессине баа берип, Кыргызстан эгемендик алгандан кийин билим берүү тармагына Түркия тарабынан көрсөтүлгөн колдоолорго токтолуп, боордоштук байланыштын бекемделгенин айтты.

Биргелешкен билим берүү келишимдери жана мектептер менен күчтүү башталгыч

Президент Эрдоган: “Биздин биргелешкен орто мектептерибизде 400, Бишкектеги түрк мектебинде 1200, Түрк тилин үйрөтүү борборунун курстарында 3100 окуучу билим алууда. Түркиянын “Маариф” фондунун мектеби жакында ачылганына карабастан окуучулардын саны 1500гө жетти. Ал эми “Манас” университетинде 7000ге жакын студент  жогорку билим алууда. Биз ар кандай деңгээлде жалпы 13 миңден ашуун студентке түздөн-түз билим берүү жагынан колдоо көрсөтүүдөбүз”, – деди.

“Эң чоң мурас – бул адамга жасалган инвестиция”

Президент Режеп Тайып Эрдоган өзгөчө Кыргыз-Түрк  “Манас” университети баш болгон эки өлкө ортосунда ишке ашырылган билим берүү долбоорлорунун жаш муундардын үмүт булагы экенин, адам ресурстарына жасалган инвестициянын туруктуу баалуулук жаратканын белгиледи. Президент Эрдоган бул жагынан “Манас” эпосуна токтолуп, “Адамзатка жасаган инвестицияларыбыз эч качан текке кеткен эмес жана эч качан текке кетпей турганын баарыбыз жакшы билебиз. Караңызчы, бул чындык “Манас” эпосунда кандайча түшүндүрүлгөн: “Бала – мурас, береке. Бала – бул жашоого кубат. Калган нерсенин баары жасалма дүйнө, текке кеткен күч.” Ооба, эң чоң мурас-ка, адам баласына, инсанга, жаштыкка жана балага инвестиция салуу”, – деп жаш муундар үчүн билим берүү инвестицияларынын узак мөөнөттүү таасирине басым жасады.

Президент Эрдоган жаштарга багытталган билим берүү долбоорлорунун маанисине токтолуп, келечекте илимпоз, академик, инженер, бюрократ жана сүрөтчү болуп коомго салым кошо турган инсандарды тарбиялоо максатын көздөлгөнүн айтты. “Бул жаатта “Манас” университети баш болгон бардык билим берүү мекемелерибиз ой жүгүрткөн, изденген, илимий өнүгүүлөрдү ээрчиген, миссиясы жана көз карашы бар, келечегибизди бейпилдик менен аманат кыла турган жаштарды тарбиялоого чоң салым кошот,” – деди.

“Манас” университети Кыргызстандын алдыга жылуусуна жол көрсөтөт”

“Муну баарыбыз жакшы билебиз: университет тарабынан колдоого алынбаган экономикалык саясат, индустриялаштыруу программасы, тышкы саясат жана маданий саясаты толук эмес бойдон калат. Бул жагынан “Манас” университети Кыргызстандын алдыга жылуусуна жол көрсөтөт,” – деген Президент университеттердин бир гана билим берүүдө эмес, ошол эле учурда өнүгүү жана маданий өнүгүү процесстеринде да абдан маанилүү роль ойноорун айтты. “Манас” университети түрк дүйнөсүнө салым кошкон тамыры терең билим берүү мекемеси катары жаштарга миссия жана концепция тартуулоону улантып жатканын билдирди. Ошондой эле университеттин жетишкендиктерине көңүл буруп, дүйнөдө маанилүү академиялык деңгээлге жеткенин айтты.

“Манас” университети — тарыхтан шыктануу менен келечекти курууда

Президент Эрдоган “Манас” университети тамыры терең тарыхтан шыктанып түптөлгөнүн айтып, мындай деп улантты: “Биз “Манас” университетибизди ата-бабаларыбыздын тарыхый жетишкендиктеринен шыктануу менен маданиятыбыздын жанданышына салым кошуу максатында түптөдүк. Биздин университет 29 жылдан бери достук жана боордоштук мамилелердин эң мыкты үлгүлөрүнүн бири болуп калды. Учурда дүйнөнүн 45 өлкөсүндө “Манас” университетин бүтүргөн боордошторубуз бар.”

Билим берүү жана академиялык структурасы бекемделүүдө

Президент Эрдоган “Манас” университетинин күчтүү академиялык түзүмдөрүнө да көңүл буруп, 11 факультет, 1 жогорку мектеп, 1 кесиптик мектеп жана ЖОЖдон кийинки билим берүү институту менен окуу жайдын негиздөө миссиясын толук аткарганын баса белгиледи.“Манас” университети студенттердин академиялык өнүгүүсүнө гана эмес, алардын маданий жана социалдык жактан да өнүгүүсүнө салым кошуп жатканын билдирди.

“Дүйнөдөгү эң мыкты 1000 университеттин бири”

Президент Эрдоган “Манас” университетинин эки жыл катары менен дүйнөнүн эң мыкты 1000 жогорку окуу жайынын катарына киргендигин укканда кубанганын жана бул ийгилиги университетти Кыргызстан менен Түркиянын гана эмес,бүткүл түрк дүйнөсүнүн да сыймыгына айлантканын айтып, буларга токтолду: “Келечегибизди жан дүйнөнүн тынчтыгы менен аманат кыла тургандай миссияга жана концепцияга ээ жаштарды тарбиялап жатабыз”, – деди жана бул ийгиликке салым кошкон бардык окутуучуларды жана студенттерди чын жүрөктөн куттуктады.

“Бүгүнкү күнгө чейин ийгиликтердин эселеп  көбөйүшү үчүн бир дагы курмандыктан качкан жокпуз. Премьер-министр кызматын аркалап турган мөөнөттөн тарта университетке жакындан көңүл буруп келебиз. 2013-жылдын 10-апрелинде окуу жайыбыздын комплексинде бүткөрүлгөн түзүмдөрдү мен жеке өзүм ачтым. Бүгүнкү күндө биз 110 жаңы объект, продукция жана долбоорлорду дагы арттыруунун кубанычын жашап жатабыз”, – деп “Манас” университетине көрсөткөн кызыгуусун жана колдоосун кошумчалады.

Президент Эрдоган “Манас” университетине салынган жаңы инвестициялар менен окуу жайдын билим берүү инфраструктурасы дагы бекемделгенин билдирип, “Алардын арасында 2 факультет, 1 институт жана 26 лабораторияны да камтыган бул кызмат, инвестиция жана имараттардын баары университет үчүн жакшылыктарга себеп болушун каалайм. Бул объектилерди курууга салым кошкон жумушчусунан инженерине, компаниясынан университеттин жетекчилигине, кайрымдуулук кылган адамдан расмий уюм жана мекемелерге чейин баарыңыздарды куттуктайм.”

“Манас” университетинин Кыргызстан үчүн гана эмес, бүтүндөй түрк дүйнөсү үчүн маанилүү билим борбору экенине көңүл бурган Президент: “Түркиянын Президенти катары Кыргызстандын жана түрк дүйнөсүнүн эң популярдуу окуу жайларынын бири болгон “Манас” университетинен алдыдагы мезгилде мындан да чоң долбоорлорду, квалификациялуу илимий изилдөөлөрдү жана маанилүү жетишкендиктерди күтөм”, – деди.

“Тамырыңыздарга бекем болуңуздар”

Президент Эрдоган өз сөзүндө “Манас” университетинин студенттерине кайрылып, “Урматтуу жаштар, тамыры менен байланышы алсыраган, алтургай үзүлө турган дарактар сыяктуу, өйдө-ылдыйда багытын жоготоорун унутпагыла. Тарых, маданий баалуулук, үй-бүлө, ишеним жана идеалдар менен байланышыңарды эч качан үзбөгүлө!” деди. Ошондой эле ар бир жумушта эң жакшысын көздөп, тынымсыз күрөшүп, аларга кыялдарын ишке ашырууга кеңеш берди.

“Манас” университетинин түрк дүйнөсү үчүн маанилүү билим берүү мекемеси катары позициясын бекемдегенин белгилеген президент Эрдоган окуу жайдын келечекте дагы да чоң ийгиликтер менен эскерилүүсүн каалаганын айтып сөзүн жыйынтыктады.

Иш-чара президент Эрдогандын “Манас” университетинде ишке ашырган 110-жамааттык ачылыш аземинен кийин эстеликке сүрөткө түшүү менен аяктады.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин академиялык жана коомдук түзүмдөрдүн жамааттык ачылыш аземи “Манас” телеканалы аркылуу бүткүл Кыргызстанга түз эфирде чагылдырылды. TRT News да бир эле учурда “Манас” телеканалынын түз эфирин толугу менен көрсөттү.

Жыпара ЖЭЭНАЛИЕВА, “Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар