Ооганстандын Памир аймагында бир ууч кыргыз эли жашап, шарты катаал болсо да ошол жакта күн кечирип келет. Ал жактан Түркиянын Ван аймагына барып отурукташып, эмгектенип жаткан мекендештерибиз бар. Кыйынчылыктарга карабай билим алып, Стамбул шаарынын мэриясында 19 жылдан берип иштеп, Түркиядагы кыргыз түрктөрүнүн маданият жана тилектештик коомун жетектеп келе жаткан мекендешибиз Абдулметин КЕСКИНди маекке тарттык.
– Абдулметин мырза, Түркиядагы кыргыздар арасында кыргыз маданиятын жайылтуу үчүн кандай иш-аракеттерди көрүп келесиздер?
– Түркияда жашаган кыргыздар кайсы жерде болсок да түрк эли менен кыргыз эли тарыхый, маданий жагыбыздан бири-бирибизди коштоп, колдоп, өнүгүп келе жатканыбызды айтып келебиз. Кыргыз мамлекети эгемендүүлүккө ээ болуп, бул жакка студенттер келип, алар менен кошо ар дайым “Кыргыз маданиятынын күндөрү” сыяктуу иш-чараларды өткөрүп турабыз.
Түркияда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду абдан баалашат. Чыңгыз Айматов тууралуу илимий конференциялар, кол өнөрчүлүк, акындар, ыр-бий боюнча фестивалдар өтүп турат. Кыргыз эли түрк дүйнөсүнүн бир бөлүгү деп, түрк эли кыргыз маданиятын баалап-барктап, иш-чаралардан калтырбай чакырып, Түркиянын кайсы жеринде болбосун кыргыз желеги желбиреп турат.
Өткөн жылы Стамбул шаарында түрк мамлекеттеринин эгемендүүлүгүнүн 30
жылдыгын өткөрүп, иш-чара жогорку деңгээлде белгилүү инсандардын, өнөр адамдарынын коштоосунда өттү.
– Ван аймагындагы кыргыздар арасында кыргыз маданияты, каада-салтын сактоо, улантуу боюнча иштер кандай?
– Бизди бул жакта памирлик кыргыздар дешет. 1982-жылы Түркияга Улуу Памирден көчүп келип, жашап жатканыбызга 42 жылдын жүзү болду. Түрк эли бизди жакшы кабыл алып, жер берип, үй салып берип жатышат. Ошентсе да бүгүнкү күнгө чейин кыргыз экенибизди таанытып жаткан биздин маданиятыбыз. Болбосо биз Түркия мамлекетинин жараныбыз.
Бул жактыктар Ван аймагындагы кыргыз эли турган жерди “Улуу Памир айылы, Түркиядагы кичинекей Кыргызстан” дешет. Ал жактын тургундары да “Кыргыз фестивалы” деп ат коюп алып, ар түрдүү иш-чараларды өткөрүп турат. Кайда барбайлы “Кыргыз фестивалыңар качан болот” деп сурап калышат. Жыл сайын жай айларында жаштар улак тартыш, көк бөрү, ордо оюндарын ойносо, комузчу, ырчыларыбыз өз өнөрлөрүн тартуулашат. Фестивалга кыргызстандык жердештерди да чакырып турабыз.
Ван кыргыздары мекенден алыста жүрсөк да кыргыз тилин, кийимибизди сактап калганбыз. Биз сыяктуу эле жер которуп келген айрым улуттар тилин, салтын унутуп калгандары жок эмес.
Ван аймагындагы Улуу Памир айылында 3200дөй кыргыз жашайт. Бул жакта тойлор фестивалга окшош өтөт. Памирлик кыргыздарда кол өнөрчүлүк жакшы өнүккөн. Аялдардын элечек кийүү маданиятын улантуу максатында жаш келиндер бир жерге бара турган болсо элечек кийип барышат.
Түркияда “Улуу Памирден болом” десек тааныбаган киши болбойт. Памирлик кыргыздар кыргыз тилинде окубасак да, кыргыз тилин унутпоого аракет жасап, балдарыбызга “Эне тилибиз кыргыз тили, тилиңди унутпай, үйрөнүшүң керек” деп көкүрөктөрүнө куюп келебиз.
Вандык кыргыздардын жашоо-турмушун, каада-салтын изилдөө максатында профессор Сулайман Кайыпов Ван айылында 10 жылдай жашап, 20дан ашык китептик маалыматтарды топтоп, памирликтер тууралуу 7-8 китебин чыгарган. Сулайман Кайыпов: “Кыргызстанда жашасам мынча китеп жаза албайт элем, мындай маалымат топтоого мүмкүндүк берген айыл дүйнөдө жок”, – дегени бар. Түрк элине деле биздин айылдан бир профессор “20 китептик маалымат топтогон” десек таң калышат. Агай бүгүнкү күнгө чейин топтолгон маалыматтарын китеп кылып чыгарып жатат. Агай сыяктуу эле студенттер да келип, памирлик кыргыздардын жашоо-турмушун изилдеп, жазып жатышат. Албетте, мунун баары памирлик кыргыздар маданиятыбызды сактап, улантып келе жатканыбыздын жемиши. Буюрса, мүмкүнчүлүгүбүздүн жетишинче кыргыз элинин ким болгондугун жаш муунга айтып турабыз.
– Кыргызстан тараптан сиздерге колдоо болуп турса керек?
– Албетте, кыргыз мамлекети да өз багыты менен өнүгүп өсүүнүн жолунда. Биз Түркияга келген 1982-жылдары Түркия мамлекети деле жакшы өнүгө элек эле. 1990-жылдардан кийин Түркия мамлекети чоң бир өлкө катары өз жолун таап,
өсүп келе жатат. Кыргызстаныбыз да алдыңкы жылдары чоң жетишкендикке жетип, алдыңкы мамлекеттин бири болоруна ишенем.
Биздин коом Түркиядагы кыргыз элчилиги, башкы консулдугу менен бирге маданият тармагы боюнча иштешип турабыз. Мекенден четте жүрсөк да өзүбүздүн маданият, салт-санаабыз менен өнүгүп жатабыз. Ошол себептүү, Ван аймагындагы кыргыздар кыргыз бийлигине өтүнүчүбүз бар. Улуу Памир айылыбызга Кыргызстан тууралуу өсүп келе жаткан муунга маалымат берип турган бир маданий жай курулса деген ниетибиз бар. Бул боюнча кыргыз бийлигинен өзүмдүн жеке атымдан, айылдыктардын атынан суранам.
Түркиянын Хатай, Токат, Адана деген аймактарында өзбек, түркмөн улутундагылар жашаса, Алтайкөл деген аймакта казак улутундагылар жашайт. Өзбекстан бийлиги келип, бул жакта жашаган эли үчүн чоң үйлөрдү, маданий жайларды куруп берсе, казактар да эс ала турган маданий жайларды куруп беришти.
Албетте, Түркияда Манас баатырдын эстеликтери, Чыңгыз Айтматов атындагы парктар бар. Биздин айыл Түркия мамлекетинде “Кичинекей Кыргызстан” деп аталат. Ошондуктан, кыргыз бийлиги бизге маданий жай куруп берсе деп тилек кылуудабыз. Кыргызстанда боз үй жазаган мыкты кол өнөрчүлөр бар эмеспи, биздин айылда да кыргыз элинин маданиятынын бир бөлүгүн чагылдырган боз үйлөр турушун каалайбыз.
Экинчи өтүнүчүбүз этникалык кыргыздар Кыргызстанга барса үй-жай ала албай кыйналып жатышат. Үй-жай алыш үчүн Кыргызстандын жараны болуш керек экен. Ошого да кыргыз бийлигинен, парламентинен этникалык кыргыздарга үй-жай алууда шарт түзүп беришин суранат элек. Этникалык кыргыздар үчүн мекенибизде жашоону женилдетип берсе, мекенибизге дагы көбүрөөк каттап турат элек. Азыр биздин айылдан Кыргызстанга барып жашап жаткан 2-3 үй-бүлө бар. Алар жашоо шартынан кыйналып жаткандыгын айтышууда.
– Түркия бийлиги менен иш-аракеттериңиздер кандай?
– Бул жактын бийлиги айылыбызга келип, жашоо шартыбыз менен кабардар болуп турушат. Түркия Улуу Памирден келген кыргыздарды Ван аймагына жайгаштырып, окутуп, маселелерибизди чечип, жардам берип жатат. Түркиянын бардык окуу жайында биздин этникалык кыргыз балдар бекер билим алышат. Аракети менен ийгиликтерди багынтып, Түркиянын мамлекеттик кызматтарында иштеп жаткан мекендештерибиз жок эмес.
Артыбызда өсүп келе жаткан жаштар үмүтүбүздү жандырып, чоң ийгиликтерди жаратат деп ишенем. Түрк бийлиги түрк дүйнөсүнө караган казак, өзбек, түркмөн, кыргыз элине жылуу сезим менен карап, ата-тегибиз бир элденбиз деп колдоп келишет. Биздин дагы түрк элине болгон урмат-сыйыбыз чексиз.
– 2024-жылы Рахманкул хандын 110 жылдыгын өткөрүү боюнча иш-чаралар пландалыптыр. Бул боюнча кандай иштер жүргүзүлүүдө?
– 2010-жылы Кыргызстанда Рахманкул хандын 100 жылдыгы чоң деңгээлде белгиленген. Андан соң 2014-жылы Түркия мамлекети өткөрүп, бул жакта да иш-чаралар уюштурулган. 2023-жылы эле Рахманкул хандын 110 жылдыгын өткөрөт элек, бирок, 2024-жылы Түрксой уюму аркылуу жай айларында Ван аймагында өткөрүүнү пландап, андан соң Кыргызстанда өткөрөбүз деп турабыз.
110 жылдыкка карата айылда Рахманкул хандын мазарын оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, эки өлкөдөн келген кадыр-барктуу инсандардын катышуусунда ачылышын жасайбыз деп турабыз. Рахманкул ханды түрк эли да абдан баалашат. Рахманкул хан бир эле памир кыргыздарынын эмес, жалпы кыргыз элинин ханы.
Маегимдин соңунда сиздердин жамаатка бизден кабар алганыңыздар үчүн чоң ыраазычылык билдирем. Мекенибизден алыста болсок да, кыргыз экенибизди эсибизден чыгарбайбыз. Маданиятыбызды, тилибизди көзүбүздүн карегиндей сактап, кылымдарга кызмат кылышына тилектешпиз.
Маектешкен Кенже ОСМОНАЛИЕВА,
“Кыргыз Туусу”