– Кайнарбек аба, кыргыздар тууралуу сөз болгондо карлуктар тууралуу кошо айтылат, карлуктардын бизге кандай тиешеси бар?
– Борбордук Азия элдеринин тарыхында карлуктардын пайда болушу тууралуу алгачкы маалыматтар V кылымга таандык. Алар ээлик кыла баштаган жерлер – Алтай аймагы менен Балкаш көлүнүн чыгыш жээктери болгон. VII кылымдын орто ченинде карлуктардын курамына киргендер – булак, чигил, ташлыктар (таштык) болушкандыктан, биримдиктин башчысын – элтебер дешкен. Түрк кагандыктарынын доорунун биринчи жарымында (VI-VII к.) негизинен көчмөн жана отурукташкан эл катары өз ара байланыштары чыңдалган. Бул мезгилде түрк кагандарынын доору делип, отурукташкан кыштактар түрк кагандарынын борбору катары бир канча шаарлары болгон. Ошол кезде шаар курулуш маданиятынын өсүшүнө согдиликтердин кол өнөрчүлөрү өтө таасирдүү болгон. Согдиликтер жаңы жерлерди өздөштүрүүдө, Жети-Сууга жана анын ичинде кыргыздар жашаган жерлерге көчүп келип, шаарларды курууда өзүлөрүнүн курулуш иштерин баштоодо зор күч болушкан.
– Жаңылбасам, бул мезгилде түрктөрдүн бийлиги күч алат эмеспи…
– Ооба. Бул учурда түрктөрдүн бийлиги күч алып, биринчи Түрк кагандыгы (552-603), Батыш Түрк кагандыгы (603-704), Түргөш кагандыгы (704-756) ээлик кылып келишкен. 742-жылы карлуктар уйгурлар, басмылдар менен бирдикте Чыгыш Түрктөргө каршы жортуулун баштап, натыйжада Чыгыш Түрк каганын талкалашат. Алардын каганынын ордуна жаңы мамлекет – Уйгур каганаты (744-784-ж.) орнойт. VIII кылымдын орто ченинде карлуктар менен өгүздөрдүн ортосунда түргөштөрдүн мурасы үчүн согуш чыгып, өгүздөр бул согушта жеңилүүгө дуушар болуп, Сыр-Дарыя жакка жер которууга аргасыз болушат. Карлуктар Жети-Сууда калышып, алгачкы феодалдык Карлук мамлекетин орнотушат. Карлуктардын башчылары, карлук тилинде — жабгу (ябгу, джабгу) деген жаңы наамды ыйгарышкан. («История Казахстана» – Карлукское государство (756- 940 гг.) 02. 08. 2013.)
– Карлуктар кимдер ошондо?
– Карлуктар (карлуг деп да жазылат, алгачкы араб даректеринде – харлух, перстерде – халлух, кытайча – гэлолу) – түрк эли делет. Биздин доордун VIII кылымындагы түрк-орхон жазууларында жана кытайларда Тан-Шуда эскерилет. Кийин батыш түрк хакандарынын империясы кулатылгандан кийин гана Чүй өрөөнүндө отурукташкан карлуктар саясий мааниге ээ болгон. Алардын өкүмдары хакан (каган) эмес, ябгу (арабча жабгуйа) титулун алып жүргөн. Табариде мурда эле 119/737-жылдары Аму-Дарыянын жогорку агымындагы Тохорстандагы карлуктардын жабгуйасы жөнүндө эскерилет; жабгуйа ал-харлухй – Табари, II, 1612, жабгуйа ат-тагрухйге дал келет – II, 1604, жана 1612, (азыр да Сурхандын бир куймасы Каллук же Карлук деп аталат; Barthold, Die altturkischen Inshriften, S. 27, Anm. 1) Я’Кубинин (Та’рих, II, 479) сөзү боюнча Карлуктардын жабгуйасы 162/778-79-ж. исламды кабыл алган. Ошондуктан бул кабар абдан күмөндүү болгон. Гардизи (Бартольддо, Туркестан, ч.II, стр. 297; <Соч., т. I, стр. 260>) 792-93-ж. ченде жабгуйанын Ферганага кол салуусу жөнүндө билдирилет. IV/X кылымдагы араб географтарынын маалыматтарында, карлуктар каапырлар деп да айтылат. Ибн Хаукалдын (11) айтуусунда, алардын аймагы Фергананын чегинен ары 30 күндүк жолго чейин созулган. Перс даректеринде, өзгөчө алигиче жарыялана элек Худуд ал-аламда карлуктардын аймагы кыйла кичине берилген. Мусулман аймактарынын жакынкы коңшулары катары карлуктарга башка түрктөргө караганда перс маданиятынын таасири көбүрөөк тийген жана ошондой эле бет түзүлүшү боюнча да башка түрктөрдөн айырмаланышкан; Махмуд Кашкари карлуктарды гуздар менен кошо түркмөн деген аталышка бириктирет.
Карлуктарга кызыгып жана алардын башкаруучу төбөлдөрүнө иликтөөлөрдү жүргүзгөнүмдө, тарыхта белгилүүлөрү: Билге Күл Кадыр-хан (850-880) – башкаруучу Испиджаба, Карлук каганатынын каганы болгон. Базар Ахан (880-910). Огушлак Кр хан (910-920). Арслан хан — Карлук хандыгынын ханы (XII кылымдын аягы – XIII к., ордосу Койлык шаары болгон). Койлык казактарда Койлык, 1993-ж. чейин – Антоновка Алма-Ата облусу Сарканд району экен. Бузар хан Алмалыктын (уйгурча Алмалик) – Орто Азиядагы шаары, XII-XIV кк. Иле дарыясынын жанында Чагатай улусу жана Моголистандын борбору болгон) башкаруучусу (XII к. — 1217-жыл) болгону айтылат. Кербек (VIII к.) – Кербек уруусунун негиздөөчүсү болсо, Сатук Богора-хан деген (920-955) – Карахандардын хаканынын биринчи негиздөөчүсү болот.
– Айтылуу Атлах салгыла-шуусунда ал жерлерде карлуктар ээлеп турганы, ал согушка карлуктар да катышканы айтылат эмеспи…
– Карлуктар согушчан эл болгон. Карлуктар менен басмылдар биригип Чыгыш Түрк каганатын талкалашып, арабдардарга да карлуктардын чоң таасири тийген. Басмылдар «Басими же Била мамлекети», жазмаларда Бома делип: «Бома – Била же Элочжи деп айтылат». Басмылдардын каганы Ашина Ши – «Хэла-пицзя-кэхань» – «ala» деген эле сөздүн транскрипциясы, Фараб шаарларын басып алып, кытайларды тынчысыздандырган. Арабдардан корккон кытайдын аскер-колу 748-жылы Чүй өрөөнүн басып кирип, шаарларын ээлеп алып, кыргынга учуратат. 751-жылы Талас чөлкөмүн басып кирген кытай аскерлери менен арабдар тирешип, бири-бирине кол сала албай турушканда, карлуктар чечкиндүүлүк кылып алгач кытайларга кол салган. Аларга болушкан араб аскерлери менен бирдикте Атлахта Таң империясынын 70 миң аскерин ташын талкан кылып, Талас жергесинен арабдар менен биргеликте биротоло
кууп чыгышат. Ошондон кийин бул жерлерде 756-940 жылдары карлук каганаты орноп, ээлик кылат. Карлук каганаты – бул түрк мамлекетинин биригишинде ээлик кылган аймактары – Жуңгар Ала-Тоосунан Сыр-Дарыянын ортоңку агымына чейин, Балкаш жана Ысык-Көлдүн ортоңку аралыгы, Иле, Чу, Талас, Тянь-Шандын тегереги, Испаджаб аймагынан Отрарга чейин (VII-IX к.) камтыган.
– Сизде карлуктар тууралуу кызык маалыматтар бар экен, карлук каганатынын борбору Суяб болгонбу?
– Карлук каганатынын борбору Суяб, кийинчирээк Баласагун шаары болуп, чоң шаарлар – Кайлык, Бешбалык,Тараз, Кашгар шаарлары карамагында болгон. 756-940-жылдар аралыгында Батыш түрк каганатынан кийин карлуктарга кытайлардын таасири тийип, жетекчи – башкаруучулары кытайлардын башкаруучу титулдарын кабыл алышып, өзүлөрүнчө көз карандысыздыгын сактап калат. VIII кылымдын башында карлуктар акырындап Жети-Суунун аймагына көчүп-конуп отурукташа баштайт. Карлуктардын саясий тарыхында, 758-жылы Жети-Суудагы түргөштөргө каршы согуш жортуулун баштайт. Арадан жети жыл өткөндөн кийин Суяб шаарын каратып, бул шаарга өзүлөрүнүн борборун көчүрүп алышат. Түргөштөрдүн бир бөлүгү карлуктардын кол астында калып, экинчи бөлүгү чыгышты көздөй көчүп кетет. Карлуктардын аскер колдору батыш Тянь-Шанда, Ферганада жана Сыр-Дарыянын жээктериндеги отурукташкан арабдардан тазалайт. Карлуктар 766-775-жылдары Кашгарды басып алат. Такай согуштук абалда болгондугунун натыйжасында, бир канча жетишкен ийгиликтер менен катар начарлаган абалдарын да баштарынан кечирет.
Начарлай түшкөн абалдан пайдаланган уйгурлар, 791-жылы карлуктарды, Бешбалыкта тибеттиктерди талкалап, кийинки жылы Ферганада арабдар карлуктарды жеңилүүгө дуушар кылышат. 798-жылы уйгурлар тарабынан батыш карлуктар баш ийдирилсе, 812-жылы жабгулар толук кандуу жеңилүүгө дуушар болушкандан кийин, уйгурлар Ферганага чейин келишип, көптөгөн элдерди колго түшүрүп, малдарын айдап алышкан. Учурдан пайдаланган арабдар жабгуларды Иртышка качууга мажбур кылышат. Айласы кеткен карлуктар уйгурларга баш ийүүгө аргасыз болушат. 840-жылы енисей кыргыздары Уйгур каганатын талкалалагандан кийин, карлуктар эркин жашоого мүмкүнчүлүк алат. Уйгурлар аргасыздан баштарын калкалоо үчүн Турфан жак бетиндеги Ганьжоу аймагына баш-баанектөөгө аргасыз болушуп, көчө качат. Учурдан пайдаланган карлуктар өзүлөрүнүн көз карандысыздыгын жарыялашып, карлуктардын башкаруучу жабгулары Испиджаба, Бильге Кюль Кадыр-хан ачыктан-ачык өзүлөрүнүн жогорку башкаруучу бийлик укугун жарыялап, жаңы бийликтин ээси «каган» деген наамды кабыл алышат. Орто Азияда карлуктардын кайрадан түптөлүшүнө Саманиддердин мураскорлорунун тынчы кете баштайт. Самаркандын бийлик төбөлдөрү түрктөргө каршы «ыйык согуш» жарыялоого аргасыз болушат. IX кылымдын аягында Саманиддер Испиджабды басып алып, Таразга кол салышат. Көп күндүк курчоодон кийин, шаар өз эрки менен баш ийип берип, эли ислам динин кабыл алууга мажбур болушат. Кагандын бийлик ордосу Тараздан Кашгарга жер котортууга аргасыз болот. Ошентип Карлук кагандыгынын тарыхында, 940-жылы мамлекеттин борбору болгон Баласагун түрктөр тарабынан басып алынат.
Чыгыш Түркстан – чигилдери жана ягма – Карлук каганаты өзүнүн үстөмдүк жүргүзүүдөгү тарыхы биротоло токтойт. Жети-Сууда бийлик, Каракандардын жаңы бийлик – мурасына өтүп, көптөгөн жылдар бою Каракандын бийлиги карлуктар менен түргөштөрдү Жети-Суу менен Сыр-Дарыя урууларын бириктирүүнү колго алат. Карлуктардын кээ бир бөлүктөрү Иле дарыясынын ары жагына көчүп барып – Карлук мамлекет хандыгынын борбор шаарын Койлык деп аташып, орун алышат. «Худуд аль-Алам» китебинде, карлуктардын мамлекетинде 25 шаар: Тараз, Кулан, Мерке Атлалиг, Тузун, Балиг, Барысхан, Сикуль, Талгар (Тальгиз) жана башкалар айтылат. Борбор жана башка шаарлар «Улуу-Жибек-Жолу» өтүүчү жолдорго ылайыктуу жайгашып, негизги маданият жана экономикалык жактан ыңгайлуу борбору
болгон.
– Бир жолу карлуктар кыргыздын бир уруусу дегендей айтты элеңиз?..
– Бул өтө талаштуу маселе. Топонимде – Гарлык деген Түркменстандагы Лепа велятындагы чоң шаар түрүндө айыл экени байкалат. Карлук бул – түрк тилдүү элине тийиштүү (XII-XIII к.) Борбордук Азияда жашаган көчмөн эл. Кытай булактарында болсо: аула, чигил, ташлык (таштык) 3 уруулардан турган эң чоң эл экени жана борбор шаары Кайлык делип, ислам динин кармангандары айтылат. Карлуктардын урук, уруусу боюнча азыркы жаңы полеогенетика илимине кызыгып көргөнүмдө, гаплогруппасы – J2а-Z7706 болуу менен бирге, түпкү теги түрк тилдүү элдер менен бир экени байкалат. Андан кийин карлуктардын ордуна келген Каракан бийлиги (940-1211-ж.) Орто Азияга Чыңгыскандын аскерлери басып киргенге чейин өкүм сүргөн.
Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ,
“Кыргыз Туусу”