whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
14.01.2026
-4.9 C
Бишкек
Башкы беткеЖогорку кеңешКызматкердин жана иш берүүчүнүн кызыкчылыктарынын тең салмактуулугуна багытталган долбоорлор жактырылды

Кызматкердин жана иш берүүчүнүн кызыкчылыктарынын тең салмактуулугуна багытталган долбоорлор жактырылды

18-ноябрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында КР Эмгек кодексинин долбоору жана «КР Эмгек кодексин колдонууга киргизүү жана КР эмгек чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралды.

Жыйында баяндама жасаган эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова белгилегендей, мыйзам долбоорлору кызматкерлердин жана иш берүүчүлөрдүн кызыкчылыктарынын тең салмактуулугуна жетишүүгө багытталган.

Анын ичинде, долбоорлор менен эмгек келишиминин, эмгек мамилелеринин тартибин жөнөкөйлүштүрүү, Кыргызстанда мамлекеттик майрамдардын жана жумуш эмес майрамдардын санын кыскартуу, жаңы жылдык жана май каникулдарын белгилөө, дем алыш күндөрүн которуу ченемин жокко чыгаруу, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү үчүн жумуш орундарын квоталоо боюнча атайын иш-чараларды белгилөө бар.

Комитет төрайымы Винера Раимбачаева аталган мыйзам долбоорлорун талкуулоо боюнча парламенттик угуу өткөрүлгөнүн эске салып, келип түшкөн сунуштарга токтолду.

Жыйынтыгында мыйзам долбоорлору II жана III окууда жактырылды.

Гезит

Ааламды кыймылдаткан акча жаатынан…

Доллар – дүйнөдө эң маанилүү валютаАКШ доллары бүгүнкү күнгө чейин дүйнөнүн негизги резервдик валютасы болуп эсептелет жана көптөгөн улуттук банктардын валюталык резервдеринин эң чоң...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар