Кыргызстан 9 айда дээрлик 4,5 млн. долларга сыр экспорттоду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2024-жылдын 9 айында экспорт 1 525,5 тонна, же 4 млн. 417,1 миң долларды түздү.
Кыргызстанда бүгүнкү күндө бир нече сыр заводдору иштейт. 1 кг сыр өндүрүү үчүн 13 литрден 20 литрге чейин сүт керектелет. Кыргызстанда жасалган продукция өзүнүн экологиялык жактан таза болгондуктан суроо-талап жыл сайын жогорулап келет.