Среда, 25 декабря, 2024
-14.9 C
Бишкек

Кыргыз-орус кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттарын өнүктүрүү талкууланды

Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов менен жолугушту.

Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда кыргыз-орус кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттарын өнүктүрүү тууралуу сөз болуп, анын ичинен парламенттер аралык байланыштарды кеңейтүү маселелери талкууланды.

Алгач комитет төрагасы Улан Примов Сергей Вакуновду Россиянын Кыргызстандагы элчиси болуп дайындалышы менен куттуктап, дипломатиялык ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

Муну менен катар эл өкүлү өз ара түшүнүшүүгө жана ишенимге негизделген эки тараптуу мамилелердин жогорку деңгээлин белгилеп, бул жемиштүү кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого мүмкүнчүлүк берерин кошумчалады.

Ошону менен бирге миграция чөйрөсүндөгү маселелерге токтолгон Улан Примов Кыргызстандын жарандарын Россиянын аймагына киргизүүдөн баш тартуу учурларынын көбөйүшүнө жана Россия аэропортторунун чек ара көзөмөл зоналарындагы узак текшерүү процедураларына өзгөчө көңүл бурду. Ал ошондой эле Кыргызстандын жарандары Россиядагы билим берүү мекемелерине балдарын орноштурууда ар кандай тоскоолдуктарга туш болуп жатканын кошумчалады.

«Бул маселелер ар кандай деңгээлде бир нече жолу көтөрүлүп, олуттуу тынчсыздануубузду жаратат», — деген Улан Примов белгиленген маселелерди Кыргызстандын ЕАЭБге мүчөлүгүн эске алуу менен жөнгө салуу керектигин айтты.

Өз кезегинде Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов орус тарап миграция тармагындагы маселелерди жөнгө салуу боюнча аракеттерди көрүп жатканын белгилеп, бул коопсуздукту камсыз кылуу жана мыйзамсыз миграцияга бөгөт коюу үчүн аргасыз чара экенин кошумчалады. Дипломат жакын арада мигранттарга байланыштуу кырдаал биргелешкен аракеттер менен жөнгө салынат деп ишендирди.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар