Среда, 25 декабря, 2024
-16.9 C
Бишкек

Жарым кылымдык тарыхы бар жалгыз орган калыбына келтирилди

Улуттук филармонияда мындан жарым кылым мурун орнотулуп, колдонулуп келген уникалдуу музыкалык аспап — орган калыбына келтирилди.Органды калыбына келтирүү жана ремонттоо иштерин Москвадан келген жогорку квалификациялуу адистер жүргүзүштү.

Музыкант, орган боюнча адис Еприкян Гарринин айтымында, орган музыкалык аспабы 42 жылдан соң биринчи жолу реконструкциядан өттү.

“Кыргызстанда жалгыз орган музыкалык аспабы бар экен. Тилекке каршы органдын абалы аябай кейиштүү болчу. Аспап каралбай келгендиктен чаң болуп, көп тетиктери жараксыз болуп калган. Оңдогону аракет кылып көрүшкөн. Бирок тилекке каршы, алар ого бетер бузуп салышкан. 42 жылдан кийин орган биринчи жолу реконструкциядан өттү. Бирок азыр баары сонун. Биз баарын оңдодук. Азыркы учурда баары жакшы иштеп жатат. Эми биз органдын үнү тынымсыз угулуп турат деп ишенебиз.”,-деди ал.

Ошондой эле, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын солисти Виктория Васильева калыбына келтирилгенден кийинки уникалдуу музыкалык аспабынын жардамында биринчи жолу 24-декабрда концерт өтөрүн кошумчалады.

“Органды оңдоого республикалык бюджеттен 9 млн сом бөлүнгөн. Бул каражат аспаптын баштапкы үнүн калыбына келтирүүгө жана аны толук кандуу колдонууга даярдоого мүмкүнчүлүк берди. Кыргызстандагы жалгыз органдын оңдоп түзөөдөн өткөнүнө аябай кубанып турам. Буйруса 24-декабрда оңдоп-түзөөдөн кийинки орган аспабынын жардамында концерт өтөт. Учурда даярдык көрүүдөбүз”,-деди солист.

Органды оңдоо иштери жыйынтыкталган соң, жаңыртылган органда музыкалык чыгармаларды аткарып, анын өзгөчө үнү менен тааныштырышты.

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар