Мамлекеттик салык кызматынын төрт жетекчиси кармалды.
УКМК аларды кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыптоодо.
Комитеттин айтымында, кээ бир ири өндүрүүчүлөр, алкоголдук жана курамында кант бар азыктарды, ошондой эле тамекини импорттоочулар республиканын түштүгүнө товарын жеткирип, андан кийин жөнөтүү документтерин кайра жокко чыгарган.
Салыкчылар мындай ишти атайын эле көз жаздымда калтырганы айтылды. Быйыл эле 3,2 млрд сомго бааланган товардын документтери артка кайтарылган.
Бишкектин үч райондук салык башкармалыгынын жетекчилери жана ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы кармалды.