Вторник, 24 декабря, 2024
-8.9 C
Бишкек

2025-жылы бала бакчалардын тарбиячыларынын айлыгын көтөрүү убада кылынды

Кыргызстанда 2025-жылы бала бакчалардын тарбиячыларынын айлыгын көтөрүү пландалууда. Бул тууралуу «Биринчи радионун» түз эфиринде билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Ал белгилегендей, 2025-жылдын бюджеттик планы каралып жатканда бул маселе Финансы министрлиги менен биргеликте киргизилди.

«Буйруса кийинки жылы бала бакчалардын тарбиячыларынын айлыгы көтөрүлөт», — деди ал.

Ошондой эле Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова кошумчалагандай, бүгүнкү күндө бала бакчада иштеп жаткан тарбиячылардын баары жогорку билимдүү.

«Ошондой эле билимдерин бышыктоо үчүн окуудан өтүп турушат. Билим берүү кызматкерлерин колдоо максатында жыл сайын республика боюнча «Мыкты тарбиячы» сынагы өткөрүлөт. Быйылкы жылы республика боюнча төрт номинация боюнча төрт мыкты жетекчи аныкталып, аларга мамлекеттик бюджеттин эсебинен сыйлыктар ыйгарылды. Бул педагогдордун кесипкөйлүгүн жогорулатуу үчүн кошумча түрткү болот»,-деп ал.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар