Среда, 25 декабря, 2024
-16.9 C
Бишкек

Быйыл Кыргызстандын Бажы кызматы төлөмдөрдү топтоону 306 эсеге көбөйттү

Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы 2024-жылдын башынан бери өлкөгө импорттолгон азыктардан төлөмдөрдү чогултууну 306 эсеге көбөйттү. Мындай маалыматтар Каржы министрлигинин материалдарында камтылган.

Башкармалыктын талдоосуна ылайык, импорттук продукцияга бажы төлөмдөрүн чогултуу 9,8 миллиард сомго чейин өскөн. Бул көрсөткүч 2023-жылдын он айындагы көрсөткүчтөн 9,7 миллиард сомго көп.

Бажы тариздөөсүнөн түшкөн киреше 2,3 миллиард сомго чейин, башкача айтканда, 1,2 эсеге өскөн.

Үстүбүздөгү жылдын он айында эле 12,9 миллиард сом бажы төлөмдөрү чогултулган.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар