Бишкектеги №19 мектепте «Манас — кыргыз рухунун туу чокусу» аттуу иш-чара өттү.
Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чаранын алкагында мектеп окуучулары спектакль коюп, ошондой эле «Манас» эпосунан үзүндү айтып беришти.
Мындан тышкары, «Манас» улуттук театры мектепке чейинки жалпы билим берүү уюмдарынын тарбиялануучуларынын арасында «Манас айтуу» кароо-сынагын өткөрдү.
Жыйынтыгында байгелүү орундарга төмөнкүлөр ээ болушту:
Курманбеков Нурболот (№21 МЧББУ) — 1-орун;
Искендерова Нурайым (№43 МЧББУ) — 1-орун;
Дадакозуев Бехрузбек (№118 МЧББУ) – 1 орун;
Бусурманова Айша (№21 МЧББУ) – 2 орун;
Зейбел Ева (№118 МЧББУ) – 2-орун;
Ильязбекова Ширин (№26 МЧББУ)– 2 орун;
Бахтияр уулу Акбар (№131 МЧББУ) – 2 орун.
Баяманова Карина (№26 МЧББУ) — 3-орун;
Смирнов Артем (№118 МЧББУ) — 3-орун;
Асипбекова Айдемир (№131МЧББУ) – 3-орун;
Шейшенова Ханзада (№43МЧББУ) – 3-орун;
№28 МЧББУнун тарбиялынуучуларынын тобу -3 орун;
Акматалиева Сезим жана Шаршенова Насыйат (№117 орто мектептин алдындагы «Эне мектеби » ) – 3-орун.