Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын жетекчилери Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов 4-декабрда Баткендеги жолугушуусунда макулдашууга жетишип, Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын калган тилкелеринин сыпаттамасын толугу менен аякташты.
Эки өлкөнүн атайын кызматтарынын төрагалары кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча тактоо иштери аяктаганын билдиришти.
Албетте, эки мамлекеттин чек арасын делимитациялоо иштери Кыргызстандын жана Тажикстандын лидерлеринин саясий эркинин натыйжасы. Эки өлкө чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырым. 2022-жылы Президенттер жолукканда мунун 664 чакырымы боюнча орток пикир табылганын жарыялашкан. Буга чейин Кыргызстан кыргыз-тажик чек арасы дээрлик такталып калганын бир нече жолу билдирип келген. Июлдун аягында кыргыз-тажик чек арасынын 94% такталганын эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрү кабарлаган. Анда калган 6% эң татаал, бир нече жолку чек ара чырына себеп болгон бөлүктөр экени айтылган.
Быйыл 19-августтагы кеңешмеде Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кыргыз-тажик чек арасын тактоо иши жыйынтыктоочу баскычка келгенин билдирип: “Чек ара маселеси биздин жарандарды тынчсыздандырган көйгөйлөрдүн бири болчу. Баткен облусун бир эмес эки жолу калыбына келтирүүгө туура келди. Садыр Нургожоевичтин күчтүү эрки жана Камчыбек Кыдыршаевичтин командасынын ишинин жыйынтыгы менен кыргыз-өзбек чек арасы толук такталып бүттү. Азыр эми Тажикстан менен чек ара боюнча сүйлөшүүлөр жыйынтыктоочу баскычта турат”, – деген эле.
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев ушул сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын тарыхый учур катары баалады.
“Мен чек ара боюнча макулдашуу аягына чыгып, тарыхый учур болуп жатканын жоопкерчилик менен айта алам. Эми алдыда юридикалык жараяндар, келишимди парламент аркылуу ратификациялоо жана эки мамлекет башчыларынын кол коюу иштери турат»,-деди ал.
Кыргыз делегациясынын жетекчиси К.Ташиев жакынкы бир нече ай ичинде чек ара маселесине толугу менен чекит коюла турганына ишенимин билдирди.
Чек араны чечүү жалпысынан эле оор маселе. Ал эми Тажикстан менен чек араны аныктоодо мураска калган талаштар, оор жагдайлар түзүлүп калган. Ошондуктан соңку жыйынтыкты зор ийгилик катары баалаш керек. Эки тарап тең өз кызыкчылыктарын басып, акыры чечилүүгө тийиш талылуу маселеге чекит койду.
Илгертен чек аралаш эки мамлекеттин, тарыхый байланыштары терен эки элдин ортосундагы мамилелерге эң жакшы шарт түзүлүп, чек ара талаштын обьектиси эмес, достуктун, ынтымактын фактору болууга зарыл шарт жаралды деп бааласак болот.
Темирбек АЛЫМБЕКОВ,»Кыргыз Туусу»