Садыр Жапаров алкоголдук продукциялардын акциздик маркасын алмаштыруу мөөнөтү узартылбай турганын билдирди.
6 айга узартуу суранычы менен президентке алкоголь продукцияларын импорттоочулар менен өндүрүүчүлөр кайрылган.
Жапаров мындан ары өлкөдө бир гана «Учкундан» басылып чыккан акциздер болорун белгиледи. Ал эми продукцияларга чапталып калган эски маркалар алынбай турганын, ишкерлерге кошумча чыгым болбошу үчүн эски акциздин үстүнө “Учкундан” чыгарылган жаңы акциздер мамлекет тараптан акысыз чапталып берилерин кошумчалады.