Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев «Салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун кароодо курулуш тармагына 12 пайыздык кошумча нарк салыгын киргизүүгө каршы пикирин билдирди. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Ал Жогорку Кеңештин жыйынына чейин өлкө президенти менен бул маселени талкуулаганын, Садыр Жапаров да бул салыктын киргизилишине каршы экенин белгиледи.
Спикер жыйындын алдында мыйзамды президент менен талкуулаганын, өзү да, өлкө башчы да каршы болгонун билдирди. Ал демилгечи Экономика министрлигинен 12%дык кошумча нарк салыгына байланышкан беренени экинчи окууда алып салууну талап кылды.
“Министрлер кабинетинин тийиштүү жетекчилери өлкө башчысына бул мыйзам долбоору боюнча туура маалымат жеткирбепсиздер. Президент угуп алып, абдан кабатырланды. Бул нерсе болбош керек болчу. Мен да курулуш тармагына кошумча нарк салыгынын киргизилишине каршымын. Биз ипотекалык программаларды жыргаганыбыздан ишке ашырып жаткан жокпуз. Жашоо-шарты оор, мүмкүнчүлүгү чектелген, үйгө муктаж жарандарыбызды турак жай менен камсыздай албай жатып, кайра курулуш тармагына салыкты көбөйткөнүбүз туура эмес. Эгер жаңы салык киргизилсе, үйлөрдүн баасы дагы жогорулап, калкка бир топ кыйынчылык жаратат. Демилгечилер бир пикирде болуп, такташып келсеңер болмок”, — деди төрага.