Среда, 25 декабря, 2024
-16.9 C
Бишкек

Акыйкатчынын Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгү Сузактагы бакчада сабалган бөбөктөрдүн ата-энеси менен жолукту

Акыйкатчынын Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгү Сузактагы бакчада сабалган бөбөктөрдүн ата-энеси менен жолукту.

Анда үч баланын ата-энеси укугун коргоп берүү арызы менен кайрылган. Алардын айтымында, тарбиячылар тарабынан ур-токмокко алынган (үчөөнүн тең денелери көгөрүп, тытылган) бөбөктөр 2, 3 жана 4 жашта.

“Акыркы күндөрү денеси көгөрүп, кулагынын арты тытылып келгенде тарбиячыларынан сурасам, “балдар менен уруша кетишти” деп койчу. Баламды тарбиячылары уруп жүргөнүн 29-ноябрь күнү билдик. Учурда балам башы, бели ооруп жатканын көрсөтүп, ыйлап, кусуп жатат”, — деди балдардын биринин апасы.

Ал эми экинчи эне 700 сомдон чогултулуп, бакчага камера орнотулганын, бирок ал иштетилбегендиктен бакчанын жетекчиси видеожазууну ата-энелерге көрсөтө албаганын билдирген.

Акыйкатчы тиешелүү маморгандарды балдардын коопсуздугун камсыздоону күчөтүүгө жана бул окуяны тыкыр иликтөөгө чакырды.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар