Баткен районунда тергөөчүгө пара сунуштаган жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
3-декабрда Баткен районунун тургуну 1965-жылы туулган М.Б. аттуу жаран өзүнүн пайдасына мыйзамсыз чечим чыгаруу үчүн Баткен РИИБдин тергөөчүсүнө пара катарында алып келген 4 миң долларын берип жаткан жеринен кармалган.