whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
19.01.2026
-10.9 C
Бишкек
Башкы беткеЖогорку кеңешДепутаттар Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин ишмердүүлүгү менен таанышты

Депутаттар Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин ишмердүүлүгү менен таанышты

Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин ишмердүүлүгү менен таанышты.

Жогорку Кеңештин Улан Примов баштаган бир катар депутаттары Москвада кыргыз жарандары менен жолугушуу өткөрүп, миграция, жарандарды ишке орноштуруу, жана башка ар кандай маселелер боюнча жарандардын кайрылууларын укту.

Жолугушуунун жыйынтыгында элчи Кубанычбек Бөкөнтаевдин, тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиевдин жана эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулунун катышуусу менен Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин отуруму өткөрүлдү.

Алар Мамлекеттик Дума тарабынан кабыл алынган РФ миграциялык саясатын катаалдаштырууга багытталган мыйзамдарынын кыргыз жарандарына тийгизген таасирине байланыштуу маселелерди талкуулашты.

Депутаттар элчиликке Кыргызстандын жарандарынын укуктарын коргоо иштерин күчөтүү боюнча тийиштүү тапшырмаларды беришти.

Гезит

Бактысын гүлдөн тапкан Гүлмайрам

               Каарманыбыз Гүлмайрам Карабаева эженин гүлгө болгон кызыгуусу балалыктан башталган. Ошондон тарта анын кызыгуусу өчкөн жок. Тескерисинче өсүп,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар