Среда, 25 декабря, 2024
-16.9 C
Бишкек

Кыргызстанда бир катар айылдардын аталышы өзгөртүлөт

 Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргызстандын Жалал-Абад, Нарын, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды.

Парламенттен билдиришкендей, мыйзам долбоору Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген.

Аталган мыйзам долбоору тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Кудайберген Базарбаев маалымат берди.

Анын айтымында, мыйзам долбоору төмөнкү айылдарды кайра атоо максатында иштелип чыккан:

  • Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагынын Таштак айылын Малкалды,
  • Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Э. Алиев айыл аймагынын Параканда айылын Баракелде,
  • Нарын облусунун Кочкор районунун Ормон-Хан айыл аймагынын Большевик айылын Баялы Исакеев,
  • Талас облусунун Бакай-Ата районунун Акназаров айыл аймагынын Ынтымак айылын Шадыкан,
  • Талас облусунун Манас районунун Кыргызстан айыл аймагынын Новодонецк айылын Айтматов,
  • Талас облусунун Талас районунун Беш-Таш айыл аймагынын Козучак айылын Жанкороз Олуя,
  • Талас облусунун Талас районунун Беш-Таш айыл аймагынын Балбал айылын Жаныбек баатыр,
  • Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу айыл аймагынын Чоң-Арык айылын Сыйдалы,
  • Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кыдыр Аке айыл аймагынын Теплоключенка айылын Ак-Суу айылы.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар