Вторник, 24 декабря, 2024
-8.9 C
Бишкек

Жогорку Кеңеш коррупцияга каршы аракеттенүүгө багытталган мыйзам долбоорун I окууда кабыл алды

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында «Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Аталган мыйзам долбоору тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетини төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат берди.

Анын айтымында, мыйзам долбоорунда төмөнкү өзгөртүүлөр сунушталууда:

  • жубайы же жакын туугандары белгиленген тартипте оор же өзгөчө оор кылмыш жасоого күнөөлүү деп таанылган, же болбосо ага (талапкерге) карата кылмыш-жаза иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча токтотулган учурда аскердик кызматка, укук коргоо органдарына же сот аткаруучулардын бөлүмдөрүнө кабыл алуудан баш тартуу;
  • коррупциялык кылмыштарды жасагандыгы үчүн күнөөлүү адамдын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө милдеттүү түрдө жана өмүр бою тыюу салуу;
  • коррупциялык кылмыштарды жасагандыгы үчүн айып пулдарды жокко чыгаруу;
  • коррупциялык кылмыштарды жасаган адамдарга, күнөөсүн моюнга алуу жана материалдык зыяндын ордун толтуруу жөнүндө келишим түзүүдө, эркинен ажыратуунун эң төмөнкү мөөнөтүнүн кеминде жарымын дайындоо.

Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев сунушталып жаткан мыйзам долбоорун ишке ашырылып жаткан капитал мунапысы менен шайкеш келтирүү маселесин тактады.

Эл өкүлү Чыңгыз Ажибаев өзгөртүүлөрдүн актуалдуулугун белгилеп, ошону менен бирге тиешелүү органдарды кылмыштарды кайра квалификациялоонун мыйзамдуулугун тыкыр иликтеп, бул багытта көзөмөлдү күчөтүүгө чакырды.

Ал эми депутат Камила Талиева коррупциялык кылмыштарды жасагандыгы үчүн күнөөлүү адамдардын шайлоого катышуу тартиби тууралуу сөз кылып: «Аталган жарандар жергиликтүү кеңештерге гана эмес, Жогорку Кеңешке да шайлана албашы керек», — деди.

Андан тышкары, депутат Медербек Алиев коррупция менен натыйжалуу күрөшүү үчүн сот органдарын реформалоо зарылдыгын белгилесе, эл өкүлү Элдар Абакиров коррупция менен күрөшүүдө журналисттердин маанилүү ролуна көңүл буруп, анын ичинен коррупциялык кылмыштарды журналисттик иликтөө аркылуу ачыктоо боюнча чөң мүмкүнчүлүктөр бар экенин айтты.

Эл өкүлү Жанарбек Акаев жакын туугандары оор же өзгөчө оор кылмыш жасоого күнөөлүү деп таанылган учурда аскердик кызматка, укук коргоо органдарына же сот аткаруучулардын бөлүмдөрүнө кабыл алуудан баш тартуу сунушун кайра карап чыгууну сунуштады.

Депутат Динара Ашимова мамлекет үчүн алдын ала зыяндуу эл аралык келишимдерди түзгөн кызматкерлерди жоопко тартуу маселесин көтөрдү.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар