whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
19.03.2025
6.1 C
Бишкек
Башкы беткеЖогорку кеңешЖК депутаттары "2024-жылдагы балдардын глобалдык тамактануусу" форумуна катышууда

ЖК депутаттары «2024-жылдагы балдардын глобалдык тамактануусу» форумуна катышууда

Жогорку Кеңештин депутаттары Камила Талиева, Винера Раимбачаева, Лейла Лурова бүгүн Япониянын Осако шаарында «2024-жылдагы балдардын глобалдык тамактануусу» аттуу форумга катышууда.

Парламенттин коомчулук жана ЖМКлар менен иштөө бөлүмүнөн билдиришкендей, иш-чара Япониянын Тышкы иштер министрлиги жана Билим берүү, маданият, спорт, илим жана технологиялар министрлиги тарабынан уюштурулган.

Форум өкмөттөр жана алардын өнөктөштөрү үчүн мектепте тамактануу программаларын түзүү, өнүктүрүү жана кеңейтүү боюнча тажрыйба алмашуу аянтчасы болду. Анда мектепте тамактануу программалары боюнча глобалдык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары талкууланмакчы. Аны менен катар Жапониянын жергиликтүү, улуттук жана эл аралык тажрыйбалары көрсөтүлүп, 2025-жылы өтө турган Токио Эл аралык Африканын Өнүгүү конференциясына (TICAD) алдын ала даярдык көрүлдү.

Форум катышуучулары иш-чаранын алкагында приоритеттер камтылган негизги билдирүүлөрдү чогуу иштеп чыкмакчы. Иш-чара 12-декабрда жыйынтыкталат.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар