whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
23.03.2025
8.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомСаламаттык сактоо министри Санкт-Петербургдагы дары өндүргөн заводго барды

Саламаттык сактоо министри Санкт-Петербургдагы дары өндүргөн заводго барды

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Санкт-Петербург шаарындагы неврологиялык дарыларды өндүргөн «Герофарм» заводуна барды.

Ведомстводон билдиришкендей, КМШга мүчө-мамлекеттердин саламаттыкты сактоо боюнча кызматташуу кеңешинин 37-жыйынына катышкан КР делегациясынын иш сапарынын алкагында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана аны коштоп жүргөн адистер неврологиялык, эндокринологиялык жана офтальмологиялык ооруларды дарылоо үчүн дары-дармектерди чыгарган Россиянын алдыңкы фармацевтикалык заводдорунун бири «Герофарм» заводуна барышты.

Делегациянын өкүлдөрү заводду кыдыруу менен заманбап өндүрүш жайларды, жогорку сапат стандарттарын жана өндүрүш процессинде ишке ашырылган инновациялык чечимдер менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө заводдун өкүлдөрү бардык этаптарда — дары-дармектерди иштеп чыгуудан баштап, аларды массалык түрдө чыгарууга чейин колдонулуп жаткан технологиялар жөнүндө кеңири айтып беришти.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар